Россиянын жаңы куралдарын чектөөгө киргизүүнү сунуштаган АКШ сынга кабылды

© AFP / NICHOLAS KAMMГосударственный департамент США
Государственный департамент США  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стратегиялык чабуулдук курал-жарактарды (СНВ-3) кыскартуу боюнча келишимге 2010-жылы кол коюлуп, 2011-жылы 5-февралда күчүнө кирген. Бул документ Россия менен АКШнын куралдарга чектөө киргизүү боюнча жападан жалгыз келишими.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиянын Кеңеш федерациясынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Стратегиялык чабуул курал-жарактарын (СНВ-3) кыскартуу келишимине Россиянын жаңыдан даярдалып жаткан куралын кошуу сунушун сындады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Дүйшөмбү күнү Вашингтондо Россиянын кайсы курал-жарагын 2021-жылы мөөнөтү бүтө турчу СНВ-3 келишимине кошууга болорун кеп кылышкан. Алардын катарында ядролук тарткычы бар суу алдында колдонулуучу "Посейдон" аппараты, ядролук куралдуу канаттуу ракета жана абага негизделген баллистикалык ракета кирет.

"Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө россиялык жаңы куралдардын көбү тууралуу сөз болуптур. Анын ичинде иштетүүдөн өтүп, али курал катары кабыл алына электери дагы бар экен. Илимий изилдөө жана тажрыйбалык конструкторлук иштер (НИОКР) аягына чыга элек курал тууралуу чектөөлөр талкууга алынганы туура эмес. Бул бир гана россиялык эмес, америкалык куралдарга да тиешелүү", — деген РИА Новостиге комментарий берген Косачев.

Сенатор белгилегендей, СНВ-3 долбоорун узартуу мүмкүн, буга убакыт дагы жетиштүү". Ошол эле убакта келишимди модификациялоого убакыт жок экенин кошумчалаган.

СНВ-3 келишими

Стратегиялык чабуулдук курал-жарактарды (СНВ-3) кыскартуу боюнча келишимге 2010-жылы кол коюлуп, 2011-жылы 5-февралда күчүнө кирген.

С 800 метров попали в мишень размером с монету — видео учений снайперов - Sputnik Кыргызстан
800 метр аралыктан тыйындай жерге тийип... Снайперлер машыккан видео
Бул документ Россия менен АКШнын курал-жарактарга чектөө киргизүү боюнча жападан жалгыз келишими бойдон калууда. Анын мөөнөтү 2021-жылы аяктайт. Буга чейин Трамп Россия, Кытай жана АКШ менен үч тараптуу ядролук жаңы келишимди иштеп чыгуу каалоосун билдирген. Пекин бул идеяны четке каккан.

Келишимде тараптардын ар бири өзөктүк арсеналдарынын санын кыскартышы каралган. Тагыраагы, жети жылдан кийин же андан да кийинки убакыттарда континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу астындагы кайыктардагы баллистикалык ракеталар менен оор чабуулчулардын саны 700дөн ашпашы керек.

2018-жылы 5-февралда Россия менен АКШ СНВ-3 келишими боюнча эпке келе турган убактысы келген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0