Иран коронавирустан улам абактагы 70 миң адамды эркиндикке чыгарды

© REUTERS / ALAA AL-MARJANIНаджаф аэропортунда жүргүнчүлөр медициналык маскачан чыгып бара жатат. Архив
Наджаф аэропортунда жүргүнчүлөр медициналык маскачан чыгып бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-февралдан бери Иранда 6566 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 2134 адам сакайып кетсе, 194ү көз жумган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Иран коронавирустан улам убактылуу эркиндикке чыгарылган 70 миң адамды азырынча абакка киргизбейт. Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин башчысы Ибрахим Раисинин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Раисинин айтымында, азырынча алар коомго коркунучтуу эмес.

"Коомго коркунуч келтирүү жаралбаса, абактан убактылуу коё берилгендер эркиндикте жүрө беришет", — деген Раиси.

Буга чейин Ирандын сот бийлиги абактан болжол менен 70 миң адамды убактылуу эркиндикке чыгарган.

19-февралдан бери Иранда 6566 адам коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 2134 адам сакайып кетсе, 194ү көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0