Коронавирус: Роналдунун "көрүнбөгөн" күйөрмандары менен учурашкан видеосу

© REUTERS / MASSIMO PINCAПортугалиялык "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду
Португалиялык Ювентус клубунун оюнчусу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Италия өкмөтүнүн жарлыгына ылайык, өлкөдө бардык спорттук иш-чаралар 3-апрелге чейин көрүүчүлөрү жок өтөт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Португалиялык "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду "көрүнбөгөн" фанаттары менен кол алышып, өз маанайын өзү көтөрдү. Бул учур видеого тартылып калган.

​Окуя "Интер" командасы менен беттештин алдында болгон. Коронавирустан улам эки команданын оюну көрүүчүлөрү жок өткөн. Футболчуларды да автобустан эч ким тосуп алган эмес.

Португалиялык Ювентус клубунун оюнчусу Криштиану Роналду сүйлөшкөн кызы Жорджина Родригес менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Роналду сүйлөшкөн кызына 100 миң евро "айлык" төлөп турат
Видеодон көрүнүп тургандай, Роналду автобустан түшүп, "көрүнбөгөн" күйөрмандары менен кол алышып, жылмайган.

Италия өкмөтүнүн жарлыгына ылайык, өлкөдөгү бардык спорттук иш-чаралар 3-апрелге чейин көрүүчүлөрү жок өтөт.

Бул мамлекетте коронавирустан 366 адам каза болгону айтылды. Илдетти 7 375 киши жуктуруп, анын теңинен көбү айыккан. Вирустун очогу болгон Кытайды эсепке албаганда Италия оору көп жайылган мамлекеттердин сап башында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0