Кытай: эпидемия маалында иштеп жаткан 53 соцкызматкер каза тапты

© REUTERS / China Daily CDICКытайдагы ооруканадагы коронавирус менен ооруган бейтаптар
Кытайдагы ооруканадагы коронавирус менен ооруган бейтаптар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматка караганда, вируска кабылгандардын саны 110 034кө жетти. Алардын арасынан 3825и көз жумуп, 61 977 киши сакайып чыккан.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кытайда эпидемия убагында милдетин аткарып жатып 50дөн ашык социалдык кызматкер каза тапты. Бул туурасында өлкөнүн жарандык администрация министрлигинин төрагасы Чэнь Юэлян билдиргенин РИА Новости жазды.

"8-марттагы маалыматка карата, жалпы өлкө боюнча 53 социалдык кызматкер эпидемия убагында милдетин аткарып жатып көз жумду", — деген аткаминер маалымат жыйында.

Юэлян кошумчалагандай, алардын 92,5 пайызы Кытайдын Комунисттик партиясынын мүчөлөрү болушкан.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коңшулар коронавирустан сактануу үчүн ондогон өлкөлөрдү "кара тизмеге" киргизди
Соцкызматкерлер — аймактарда базалык социалдык кызматтарды көрсөткөн адамдар.

Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

9-марттагы маалыматка караганда, вируска кабылгандардын саны 110 034кө жетти. Алардын арасынан 3825и көз жумуп, 61 977 киши сакайып кетти. Вирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0