Адис сөзсүз муздаткычта сактала турчу суусундуктарды атады

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСупермаркеттеги сүт продукциялары. Архив
Супермаркеттеги сүт продукциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыра же винонун ачылган бөтөлкөлөрүн бөлмө температурасында сактаган оң. Себеби курамындагы алкоголь микроорганизмдерден коргойт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Испаниядагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча коомчулуктун мүчөсү Роза Мария Урдиалес кайсы суусундуктарды сөзсүз түрдө муздаткычта сактоо керектиги тууралуу маалымат берди.

Тамак алып бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандай тамактар мээге зыян? Окумуштуулардын изилдөөсү
Анын айтымында, сүт азыктарынан сырткары соя, миндаль жана күрүчтөн жасалган протеиндик суусундуктар ар дайым муздаткычта сакталышы керек. Себеби алардын курамында белок көп болгондуктан бактериялардын көбөйүшүн шарттайт.

Адис белгилегендей, оозу ачылып калган соктор дагы ар дайым муздаткычта сакталып, беш күндөн ашык турбашы керек. Ал эми жаңы сыгылган соктор эки күн гана чыдайт.

Сыра же винонун ачылган бөтөлкөлөрүн бөлмө температурасында сактаган оң. Себеби курамындагы алкоголь микроорганизмдерден коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0