Жалган маалымат тараткан фейктер элди кантип дүрбөлөңгө салат? Адистин пикири

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТелефондогу тиркемелер. Архив
Телефондогу тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл арасында чуу салгысы келгендер алгач "ишин" мектеп жана бала бакчалардагы ата-энелердин мессенджер тайпаларынан башташат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Санаа тартып турган коомчулукту паникага түшүрүү оңойлугун жана анын кандай жолдору бар экенин РИА Новости агенттигине маалыматтык коопсуздук боюнча Group-IB компаниясынын адиси айтып берди.

Белгилей кетсек, коронавирус коркунучунан пайдаланып, Кыргызстанда дагы социалдык тармактарда жана мессенджерлерде элди дүрблөңгө салган билдирүүлөр таркатылып келет. Мындай окуялардын бирине 7-март күнү күбө болдук. Анда Таластын Манас районуна келген чет элдик жарандардан коронавирус аныкталганы айтылган. Кийин бул маалымат расмий органдар тарабынан төгүндөлдү.

Адистин айтымында, эл арасында чуу салгысы келгендер алгач "ишин" мектеп жана бала бакчалардагы ата-энелердин мессенджер тайпаларынан башташат.

"Адатта жашы жете элек балдары бар ата-энелер санаачыл келип, дүрбөлөңгө түшөт. Мындай билдирүүлөрдү бири-бирине таратып отуруп, тез эле социалдык тармактардын деңгээлине жеткирип коет. Ал жакта болсо  публика кеңири", — дейт маалыматтык коопсуздук боюнча адис.

Ошондой эле ал фейк маалыматтарды тараткан боттор ар кайсы тайпаларга кошулуп аларын жана аларды аныктоо жол-жоболорун түшүндүрдү.

Райондук ооруканасында иштеген медайым - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: коронавирус боюнча жалган маалымат таркаткан медайым иштен алынды
"Мындай аккаунттар оголе активдүү болот. Экинчиден, кандай гана маалымат түшпөсүн дароо реакция кылат. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, нормалдуу, катардагы адам эч качан күнү-түнү интернетте отуруп, кылт эткен нерсенин баарына жооп бере албайт. Демек, ал аккаунттун артында робот же бир нече оператор иштеп жатат", — деди адис.

Ошондой эле шылуундар фейк маалымат таратарда көбүнесе атайылап бирөөнүн атын айтып, анан баштарын кошумчалады. Көрсө, алар мындай жол менен бирөө өзүнүн жакын адамына айтып жаткандай сезилсин деп, ишенимге кирүү амалын колдонушат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0