Кыргызстандык студент тарткан сүрөт эл аралык сынакта биринчи орунду алды

© Фото / предоставлено Гулизой ЭрмековойКыргызстандын студенттери Aydin Dogan атындагы жаш журналисттер сынагына катышып, жеңишке жеткен.
Кыргызстандын студенттери Aydin Dogan атындагы жаш журналисттер сынагына катышып, жеңишке жеткен.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Aydin Dogan — Түркиянын Журналисттер коому 30 жылдан бери уюштуруп келе жаткан эл аралык сынак. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө журналистика, сүрөт, тасма тартуу сыяктуу жааттарда билим алып, иштеп жүргөн жаш таланттар катышат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык студент Тыныстан Темиржан уулу Түркияда өткөн Aydin Dogan атындагы жаш журналисттер сынагына катышып, жеңишке жетти. Бул тууралуу Haberler агенттиги жазды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Темиркан уулу "Фотоаппарат менен сүрөт тартуу" категориясында биринчиликти багындырды.

"Быйыл "Ленин менен айт намазы" деген эмгегимди жөнөтүп, утуп алдым", — деди Темиржан уулу.

Андан тышкары, сынакка дагы эки студент катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Ушул эле "Фотоаппарат менен сүрөт тартуу" категориясында Гулиза Эрмекова "Апокалипсис" долбоору менен экинчи орунду багындырды.

Ал эми даректүү тасмалар категориясында бишкектик Айдана Топчубаева "Күчтүү кыздар - күчтүү келечек" аталышындагы сыйлыкты жеңип алды.

© Фото / предоставлено Гулизой ЭрмековойAydin Dogan — Түркиянын Журналисттер коому 30 жылдан бери уюштуруп келе жаткан эл аралык сынак. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө журналистика, сүрөт, тасма тартуу сыяктуу жааттарында билим алып, иштеп жүргөн жаш таланттар катышат.
Кыргызстандык студент тарткан сүрөт эл аралык сынакта биринчи орунду алды - Sputnik Кыргызстан
Aydin Dogan — Түркиянын Журналисттер коому 30 жылдан бери уюштуруп келе жаткан эл аралык сынак. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө журналистика, сүрөт, тасма тартуу сыяктуу жааттарында билим алып, иштеп жүргөн жаш таланттар катышат.

Aydin Dogan — Түркиянын Журналисттер коому 30 жылдан бери уюштуруп келе жаткан эл аралык сынак. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө журналистика, сүрөт, тасма тартуу сыяктуу жааттарында билим алып, иштеп жүргөн жаш таланттар катышат. Быйыл ал Стамбул шаарында 4-март күнү өтүп, 500дөй студент катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0