Путин менен Эрдоган эпке келди. Макулдашуу кантип ишке ашат?

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жана Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда
Россиянын жана Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Түркиянын президенттери Сириядагы согуштук аракеттерди токтотууну макулдашышты. Бирок көйгөйлүү маселелер дагы деле калып жатканын аскерий эксперт Алексей Подберезкин айтып берди.

Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү алты саатка созулду. Натыйжада эки лидер Сириянын Идлиб провинциясында согуштук аракеттерди токтотууну чечип, макулдашуунун долбоорун эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери тааныштырышты.

Согуштук аракеттер 6-марттын түнүнө тарта токтотулду. Мындан тышкары, Москва менен Анкара М-4 трассасынын жанынан коопсуздук коридорун уюштурмакчы. Анын туурасы түндүк менен түштүктү көздөй алты чакырымга созулат. Ал эми 15-марттан тарта биргелешкен көзөмөл башталат.

Идлибдеги элдешүү: сириялыктардын тынч жашоосуна берилген мүмкүнчүлүк - Sputnik Кыргызстан
Идлибдеги элдешүү: сириялыктардын тынч жашоосуна берилген мүмкүнчүлүк
Москва менен Түркия 2017-жылы деэслакация аймагын түзүү боюнча келишим жана 2018-жылы кабыл алынган Сочи меморандуму күчүндө экенин тастыктап, террорчулуктун бардык түрүнө каршы турууга даярдыгын билдиришти. Мындан тышкары, Сириядагы согуш курал менен чечилбей турганын айтып, өлкөнүн көз карандысыздыгынын сакталышына кызыкдар экенин белгилешти.

МГИМОнун аскерий-саясий изилдөө борборунун директору, тарых илимдеринин доктору Алексей Подберезкин Sputnik радиосунун эфиринде эки лидердин ортосундагы макулдашуунун маанилүүлүгүн айтып берди.

"Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүсү принципиалдуу мүнөзгө ээ. Аларды ишке ашыруу өзүнчө кеп, өтө оор болот. Путин Эрдоган экөө чыр-чатакка катыштыгы барлардын баарынын жоопкерчилигин өздөрүнө алышты, бул өтө опурталдуу чечим. Идлибдеги согуштун башка катышуучулары Путин менен Эрдогандын айтканына көнүп берери арсар. Бирок кырдаалды Россиянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлдөй турганы олуттуу мааниге ээ — бул эгер каалоо болсо өтө татаал маселелерди чечүүгө болот дегенди түшүндүрөт. Эпке келүүнүн өзү абдан жакшы жетишкендик", — деди Подберезкин.

Идлибдеги кырдаал

Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти - Sputnik Кыргызстан
РФ: Идлибде террорчулар менен Түркиянын посттору аралашып кетти
Идлибдеги абал террорчулардын Сирия армиясына чабуул баштаганынан кийин курчуп кеткен. Өкмөттүк армия жооп катары сокку уруп, андан согушкерлердин жанында жүргөн Түркиянын 36 аскер адамы каза тапкан.

Жооп иретинде Анкара Сириянын түндүк-батышында согуштук операция баштай турганын жар салган. Буга чейин РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Анкара Идлиб боюнча бир катар милдеттемелерин аткарбай койгонун айткан болчу. Мында Түркия оппозициянын өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр бөлүгүн террорчулардан бөлбөй койгонуна доомат коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0