Бут менен учурашып... Коронавирустан улам лидерлердин башкача саламдашкан видеосу

© AFP / PASCAL GUYOTМедициналык кызматкер медициналык мээлейди больницада кийип жатат . Архив
Медициналык кызматкер медициналык мээлейди больницада кийип жатат . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 коронавирусунун айынан дүйнөдө адамдар бири-бири менен кол алышып учурашкандан коркуп жаткан учур.

Акыркы күндөрү өпкөнү жабыркаткан вирусту жуктуруп алуудан чочулагандар кол алышпай, айрымдары учурашуунун башка жолдорун издеп жаткан кез. Алардын арасында дүйнө лидерлери, жада калса бүтүндөй футбол клубдары бар.

Мисалы, Англиянын "Ньюкасл" клубунун башкы машыктыруучусу Стив Брюс коронавирус эпидемиясы токтогуча футболчуларга бири-биринин колун кысууга тыюу салды.

Биокоопсуздук боюнча адис Николай Дурмановдун Sputnik радиосуна айтып бергенине караганда, мындай кадам медициналык жактан негиздүү.

"Эпидемия учурунда мындай чечим абдан туура. Биз учурашканда колун кысып, кучактап, өөп жибергенди жакшы көрөбүз. Бирок вирус ар бир жакындашууда жугуп калышы мүмкүн. Өзгөчө чүчкүрүп, жөтөлүп жаткан адамдардан оолак болгон жакшы", — деди адис.

Анда дүйнө лидерлеринин мындай "сактануу" ыкмалары туура экен да.

Кол кабын чечпеген ханыша

Ушул тапта Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II учурда сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат. Батыш ЖМКларынын жазганына караганда, буга коронавирус коркунучу себеп болууда. Анткени COVID-19 вирусу өмүрүн алгандардын басымдуу бөлүгү жашы өтүп калган адамдар. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 85ке жетти.

Бут менен учурашуу

Ал ортодо Нефть экспорттогон өлкөлөр уюмунун башкы катчысы Мохаммед Баркиндо Россиянын энергетика министри менен делегациянын башка мүчөлөрүнө кол алышпай, бут менен учурашууну "үйрөттү". Анда жаңы көрүшүп жаткан адамдар оң бутун оң, сол бутуна сол бутун тийгизип коюшат. 

Twitter тармагына жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, Новак учурашуунун жаңы жолун жылмаюу менен кабыл алып, ага туура жооп берүүгө аракет кылды.

Меркель менен учурашпай койгон министр

Ал эми Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер коронавирустан чочулап канцлер Ангела Меркель менен кол алышпай койду. Меркель дүйшөмбү күнү мигранттардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышкан. Жыйынга кирип келе жатып ал ички иштер министри Зеехофер менен кол алышып учурашайын деген, бирок министр ага колун бербей койгон. Отургандар муну тамаша катары кабыл алышкан. Анткен менен Зеехофер буга чейин коронавирустан улам эч ким менен убактылуу кол алышып учурашпай турганын айткан. Учурда Германияда коронавируска кабылган 262 учур катталганы айтылды.

Кол алышуудан баш тарткан Макрон

Франциянын президенти Эммануэль Макрон дагы расмий иш-чараларда өзүн башкалардан оолак кармап, баш ийкеп гана учурашып калды. Учурда Францияда 285 киши COVID-19 коронавирусуна кабылды.

Чыканак тийгизүү

Ал эми АКШнын Небраска штатынын губернатору Жон Риккетс коронавирус жуктурду деп шектелип, карантинден өткөн кишилер менен жолукканда чыканак тийгизишип учурашты. Айланадагылар дагы муну тамаша катары кабыл алып, жапырт колдоого алышты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Governor Pete Ricketts (@govricketts)

Далыга таптоо

Австралиянын Нью Саус Уэльс штатынын саламаттык сактоо министри Бред Хаззард коронавирустун айынан айланадагыларды таарынтып албаш үчүн кол алышуунун ордуна далыга таптап коюну сунуштады.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө жуктуруп алган адамдардын саны 95 748ге жетти. Каза тапкандар — 3286, ал эми 53 423 киши сакайып кеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0