Кадыров Емельяненконун алып баруучу Канделакиден кечирим сураган видеосун жүктөдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкер Александр Емельяненко. Архив
Россиялык мушкер Александр Емельяненко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күн мурда алып баруучу ызы-чуусу менен таанымал мушкер Емельяненкого Рамзан Кадыровго окшогон таасирдүү саясатчылардын колдоосу керектигин билдирген. Буга спортчу орой жооп кайтарган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров мушкер Александр Емельяненконун алып баруучу Тина Канделакиден кечирим сураган видеосун жарыялады.

Видео жаздырууну Канделаки Twitter баракчасына чыгарды.

Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыров Емельяненкону бир чаап эле нокаутка кетирүүнү убадалады
​3-март күнү алып баруучу ызы-чуусу менен таанымал мушкер Емельяненкого Рамзан Кадыровго окшогон таасирдүү саясатчылардын колдоосу керектигин билдирген. Буга спортчу орой жооп кайтарып, теле жылдызга кемсинткен сөздөрдү айткан.

Александр Емельяненко 3-апрелде АСА 107 турниринин алкагында Магомед Исмаилов менен беттешет. Россиялык мушкер мас абалында жасаган жоруктары үчүн бир нече ирет жоопкерчиликке тартылган. Соңку ирет январь айында бейбаштык кылганы үчүн жети күнгө отуруп чыккан.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0