23:13 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
191 0 0

Россиялык баяндамачы Ирина Алкснис жашоонун тараза ташы ооп, көнгөн турмушту күтүп жашоосуна америкалыктарга эч ким тоскоол болбой турганын айтып, бирок бул күтүү узакка созулушу мүмкүн экенин божомолдоду.

АКШнын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Жеймс Гилмор Крымдын кимге таандык экени тууралуу суроого комментарий берип жатып, Америка эч убакта Прибалтика өлкөлөрүн СССРдин бөлүгү катары тааныбаганын билдирди. "Күч менен басып алынган", — деди аткаминер.

Ушул жерден АКШнын курамына Мексикага кирген Техастын кантип кошулуп калганын эстей кетсек ашыкча болбойт. Америка бул штатты согуштан кийин, башкача айтканда, "күч менен каратып алган".

Бирок ушу тапта америкалыктар карманган позициянын башка өңүтү кызык болуп турат. Гилмордун эмне айтайын дегени түшүнүктүү: тарых баарын өз ордуна коет, Прибалтика акыры көздөгөнүнө жетип, акыйкаттык орноду, демек, Крымды да ушундай тагдыр күтүп турат.

Америкалыктардын акыйкатуулук жана дүйнөлүк түзүлүш тууралуу түшүнүгүнө тийбей тек коелу. Ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыкка, амбициясына негизделген өзүнүн көз карашы бар экени маалым. Вашингтондун эртели-кеч планетадагы нерсенин баары "жападан жалгыз туура жол" менен өз калыбына келип, өмүр бою ошондой болуп каларына ишенишинин өзү маанилүү болуп турат.

Бул америкалыктар өзүн-өзү тынчытып, дүрбөлөңгө түшпөй жашаган жашоосун улап келе жатканынан кабар берет. Идеянын жаңылыш экенин жашоо тастыктагандан кийин аны айтып чыккан автордун өзү да бул ойлордон эбак баш тарткан, бирок дүйнөдөгү эң таасирдүү делген өлкөнүн саясаты ушул пикирдин негизинде аныкталып келе жатат.

Фрэнсис Фукуяма айткан "тарыхтын соңу" эмне үчүн АКШ үчүн жакын экени белгилүү. Кансыз согуштагы Американын жеңиши адамзатты өмүр бою коштоп жүргөн эки ири маселени чечкендей болду. Биринчиден, жалпы дүйнө үчүн саясий, экономикалык, идеялык жана моралдык башаттын чеги пайда болду. Башкача айтканда, либералдуу демократия жана аны алып жүргөн, жайылткан Батыш дүйнөсү. Экинчиден, АКШнын экономикадан тарта аскердик тармакка чейинки бардык багыттагы үстөмдүгү атаандашсыз бейкапар жашоону шарттады. Бул доор дегеле бүтпөйт деген түшүнүк калыптанып калган.

Бул пикир азыр гана баланын сөзү болуп калды, бирок табалоонун да кереги жок. Америкалык гегемония чейрек кылымдан ашуун жашады, бул - узак убакыт. Мындай абалды кадыресе көрүнүш, норма катары кабылдаган, ошол тартип менен өскөн муундун жетилип, башкарууга келиши жетиштүү. Ал эми кичине эле тайып кетүү, каяша угуу дегеле бир бузулбас эрежелердин кыйрашы катары кабылданып, ыңгайсыздык жаратып келет.

Американын жаңы кабылган кырдаалдар үчүн тарыхый параллелдерди жана көндүм үлгүлөрдү колдонгону да ушундан. Бул жөн гана күндөн-күнгө оор болуп бараткан реалдуулукту тааныш жана ыңгайлуу алкакта кароо, кабыл алуу. Батыш саясатчыларынын жана расмий адамдарынын азыркы Россияга болгон нааразычылыгы да ушундан улам болууда. Анткени алардын көндүм пикири боюнча бул өлкө кансыз согушта утулуп калганы үчүн тынч, айтканга көнүп жашашы керек эле.

Ал эми Россиянын стандарттан оолактап ой жүгүрткөнү, кандай гана учур болбосун, аны өз пайдасына буруп алууга жөндөмдүүлүгү, өзгөчө, адаттан тыш кадамдарга барышы АКШны ого бетер убайымга салууда. Мындай саясатка отуз же жетимиш жыл мурунку штамптарды пайдалануу  саясий жана интеллектуалдык алсыздыкты көрсөтүү болуп саналат.

Штамптар тууралуу деле олуттуу суроолор жаралып келет. Балтика боюндагы республикалар (дагы ондон ашуун республика) жарым кылым бою СССРдин курамында болуп келди, бул убакыт аралыгында АКШнын айтып-деген сөзү ага эч кандай таасир эткен эмес. 90-жылдардагы СССРдин кыйрашынын себебин өз бетинче түшүндүрүп, Батыш мындан оголе көп утушка ээ болду.

Бирок убакыт өткөн сайын мындай көз караштын опурталдуулугу айкын болуп баратат. Сепаратизм "начар" өлкөлөрдө жайылат, анткени алар ошого татыктуу, акыры жоюлуп жок болуп кетет деген идея ушунчалык популярдуу болгондуктан, бүгүнкү күндө бул батыш мамлекеттеринин да баш оорусу болуп жатат. Алардын арасынан каталониялык жана шотланиядык учурлар өзгөчө белгилүү. АКШнын өзү деле ички саясий ажырымдын фонунда окшош кырдаалга кептелип турат.

Ал эми Россия кансыз согуштагы жеңилүүдөн чоң сабак алып чыкты: ааламда туруктуу эч нерсе болбойт, эң ири жеңиш кыйроого учурап, утулган тарап келечекте жеңүүчү болуп чыга келиши толук мүмкүн. Өткөн чактан сабак алып, бирок келечекке умтулуп жашоо зарыл. Анын үстүнө даяр оокатка көнгөн өтө зыян.

Албетте, жашоонун тараза ташы ооп, көнгөн турмушту күтүп күн кечирүүсүнө америкалыктарга эч ким жолтоо болбойт. Бирок бул күтүү узак убакытка созулуп кетиши ыктымал.

 

Тема боюнча

Аска бооруна чегилген тарых. Крымдын даңазалуу храмдары
АКШ визасын ала албаган Россия БУУдан арбитраждык териштирүүнү талап кылууда
Белгилер:
экономика, Батыш, СССР, Крым, Россия, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ