20:47 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)
127 0 0

Жардамга муктаж өлкөлөргө каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык финансы корпорациясы аркылуу келет.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк банк COVID-19 коронавирусу менен күрөшүүгө алгачкы төлөм катары 12 миллиард доллар бөлө турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Дүйнөлүк банк мындай жол менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасын жакшыртууну көздөп жатат.

"Мисалы, медициналык кызматтарды мурдагыдан жеткиликтүү кылуу, эпидемиядан элди сактоо, илдетти дарылоо жолдорун жакшыртуу сыяктуу иштер жасалат", — деп айтылат макалада.

Өлкөлөргө жардам Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык финансы корпорациясы аркылуу келет.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту дүйнө жүзү боюнча 93 160 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 3 198 киши каза таап, 50 690 киши сакайып кетти.

 

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1488)

Тема боюнча

Коронавирус: Кыргызстан запастагы азык-түлүгүнө саресеп салат
Коронавирустан улам дүйнөнүн эң бай адамдары 444 млрд. долларын жоготту
Белгилер:
жардам, коронавирус, дүйнөлүк банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ