РФ Идлибдеги түркиялык аскерлер менен чыр тууралуу билдирүү таратты

© AFP / BULENT KILICТүркиянын Сириядагы аскер кызматкерлери. Архив
Түркиянын Сириядагы аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын бийликтеги Акыйкат жана өнүгүү партиясынын маалымат катчысы Омер Челик болгон окуяны БУУга "кол салуу" деп баалап, альянс менен консультациялар жүрө турганын билдирди.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Идлибде Сириянын өкмөттүк армиянын соккусуна кабылган түркиялык аскерий адамдар ал жерде болбошу керек эле. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалымат боюнча 27-февраль күнү "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук тобу Бехун калктуу конушунун аймагында жайгашкан Сирия армиясына чабуул жасоого аракет кылган. Өкмөттүк күчтөр жооп берип, сокку алдында Түркиянын "террордук түзүлүштөрдүн катарында жүргөн" аскерлери да кабылган.

Бирок Түркия тараптын маалыматы боюнча, аталган аймакта түрк армиясынын бир да бөлүгү болбошу керек эле.

Түркиянын аскерлери жабыркаганы боюнча маалымат тарары менен Россия тарап ок атууну токтотуп, каза болгондор менен жаракат алгандарды Түркиянын аймагына эвакуациялоо үчүн чараларды көргөн.

"Россиянын аба-космос авиациясы Бехун пунктунда пайдаланылган жок", — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Турецкая военная мобильная ракетная пусковая установка ведет огонь в направлении сирийских правительственных сил в Идлибе. 14 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Түркия Идлибде Сирия аскерлерине урган соккусунун видеосун жарыялады
Өткөн түнү Түркиянын чек арага жакын жайгашкан Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган Сирия армиясынын абадан жасалган соккусунан улам 33 аскер каза таап, 36 адам жарадар болгонун жар салды. Мындан кийин Анкара Сирия армиясына жерден жана абадан чабуул баштаган.

Түркиянын бийликтеги Акыйкат жана өнүгүү партиясынын маалымат катчысы Омер Челик болгон окуяны БУУга "кол салуу" деп баалап, альянс менен консультациялар жүрө турганын билдирди.

Идлибдеги абалдын курчушу

Январь айынын соңунда Сирия армиясы террорчулар орун-очок алып, эл жашаган кварталдарды аткылаган террорчулар байырлаган Идлиб менен Алеппо провинцияларына чабуул баштаган. Бир айдын ичинде 600 чарчы чакырым жерди, Маарет-Нууман шаарын жана М5 (Дамаск — Алеппо) трассасын бошотууга жетишкен.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан
Сабыры жок лидердин кесепети. Көйгөйдү айта бербей чечиш керек
Мунун айынан Анкара бир нече өнөктөшү менен Дамаск жана Москва түркиялык аскерлерге жана гуманитардык объектилерге сокку уруп жатат деп күнөөлөгөн. Ал эми Сирия менен Россия бир нече ирет аймактагы кырдаалдын курчушуна террорчулардын аракеттери себеп экенин айтып келет. ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтымында, Түркия Идлибдин айланасындагы түзүлгөн абалды жолго салуу боюнча маанилүү милдеттерин аткара албай келет. Негизинен өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр болгон куралдуу оппозицияны террорчулардан ажырата алган эмес. Анкара, тескерисинче, алган милдетин толугу менен аткарганын айтып келет.

Өткөн аптада Эрдоган Россия менен сүйлөшүүдөн Анкара эч натыйжа ала электигин айтып, Идлибде аскерий операция баштай турганын айтып коркуткан. Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул эң начар сценарий экенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0