08:09 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
57 0 0

Лавров ЕККУнун евразиялык мейкиндикте аз элдердин укугун камсыздап, интеграциялык процесстерин эриш-аркак кылууда чоң иш жасайт деп ишенип турганын айтты.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Албания ЕККУнун төрагасы катары "абийирдүү далдалчынын" кызматын аткарууга даяр деген пикирин РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Албания өкмөт башчысы Эди Рама менен жолуккандан кийинки маалымат жыйында айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аталган мамлекет учурда ЕККУга төрагалык кылып келет.

"Азыр төрагалык кылып жаткан тараптын жоопкерчилиги чоң экени түшүнүктүү. Биз албаниялык кесиптештерибиз менен сүйлөшүп жатып, алардын кеп-сөзгө келип сүйлөшүү ыкмаларын карманууга, "абийирдүү далдалчынын" кызматын аткарууга умтулганын сездик. Бул аракеттер тирешүүнү ырбатпай, азыр жетишпей жаткан нерсени — ЕККУ мүчөлөрүн ынтымакташтырып, бириктирмекчи", — деди министр.

Ал аталган уюмдун евразиялык мейкиндикте аз элдердин укугун камсыздап, интеграциялык процесстерин эриш-аркак кылууда чоң иш жасайт деп ишенип турганын айтты. Бул тилин сактоо, билим алуу укуктары, антисемиттик, христианофобиялык, исламофобиялык кадамдарга каршы туруу деп билсе болот.

"Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 75 жылдыгынын фонунда саясий көз караштардын дал келбесин артка таштап коюп, улутчулдукту, Европадагы неоулуттук маанайды көтөрүү аракеттердин жолун бууганга биргелешип умтулушубуз керек", — деп белгилеген Лавров.

Рама ЕККУнун төрагасы катары январь айында Украинага барып, өлкөнүн чатак чыгып жаткан түштүк-чыгышында болуп кайткан.

Тема боюнча

Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
АКШ визасын ала албаган Россия БУУдан арбитраждык териштирүүнү талап кылууда
Белгилер:
Сергей Лавров, ЕККУ, Албания, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ