Кувейт коронавирустан улам КРде өтчү хоккей чемпионатына келбей калды

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСМатч между Кыргызстаном и Кувейтом по хоккею в рамках зимних Азиатских игр в Японии
Матч между Кыргызстаном и Кувейтом по хоккею в рамках зимних Азиатских игр в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кувейттин командасы оюнга келүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бардык оюндарда автоматтык түрдө 5:0 эсебинде жеңилди деп табылат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кувейт өлкөдө коронавирус аныкталып, карантин жарыялангандыгына байланыштуу Кыргызстанда өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышпай турган болду. Бул тууралуу Шайба менен ойнолчу хоккей федерациясынан билдиришти.

Мындан улам команда бардык оюндарда автоматтык түрдө 5:0 эсебинде жеңилди деп табылат.

"Бүгүн оюндардын расписаниесин кайрадан өзгөртүп чыгабыз", — дешти федерациядан.

Оюндардын алдын ала түзүлгөн расписаниеси:

3-март

  • 19:30 — турнирдин ачылышы;
  • 20:00 — Кыргызстан — Филиппин;

4-март

  • 20:00 — Филиппин — Малайзия;

5-март

  • 18:00 — Кыргызстан — Малайзия;
  • 20:00 — турнирдин жабылышы.

Белгилей кетсек, буга чейин Кувейтте коронавирус жуктургандар аныкталганы тууралуу РИА Новости жазып чыккан. Вирустун айынан өлкө Япония жана Сингапур менен авиакаттамын токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0