Facebook үн сатып алабы? Жаңы программанын иштөө тартиби айтылды

© REUTERS / Regis Duvignau / Illustration / File PhotoДеятельность соцсети Facebook
Деятельность соцсети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулардын үн билдирүүлөрү тыңшалып калган чырдан кийин Facebook кардарларына атайын программанын негизинде акы төлөөгө мажбур болду.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Facebook үн билдирүүлөрүн жаздырганы үчүн акы төлөй турганын "Популярная механика" жазып чыкты.

Буга чейин Facebook, Amazon, Apple, Google жана Microsoft колдонуучулардын жаздырган үндөрүн тыңшап жана ал маалыматтарды колдонгондо кармалып калышкан. Бул үндү таанууну жакшыртуу максатында, бирок кардарлардын макулдугусуз пайдаланылган. Эми адамдын добуштары үчүн аларга акча төлөөгө туура келет.

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook колдонуучусу өзү тууралуу маалыматты башка сайттан көзөмөлдөй алат
Аны атайын тиркемеде Pronunciations деп аталган жаңы программа менен жаздырууга болот. Бул иликтөө үчүн керектелери айтылды. Эгерде алар чыккан программага катышууга жарасаңыз, Facebook "Hey Portal" деген сөздү сунуштайт. Ал сизге досторуңуздун арасынан бирөөнүн атын айтуу үчүн керек болот. Процедура ар кыл достордун атын колдонуш үчүн 10 ирет болушу мүмкүн. Ар бир ысымды эки ирет кайталашыңыз керек.

Бул тапшырманы аткарган соң Viewpoints тиркемесине 200 балл түшөт. Сиз анын саны 1 000ге жетмейин же андан ашмайынча акчасын чыгара албайсыз. Компания 1 000 балл үчүн 5 доллар (болжол менен 350 сом) төлөп берери айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0