Кытайдын элчиси коронавирусту ооздуктай турчу вакцина боюнча маалымат берди

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүОоруканада вакцинация өтүп жаткан убакытта. Архив
Ооруканада вакцинация өтүп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2 626 киши көз жумуп, 25 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кытай бийлиги жакын арада коронавирус илдети ооздукталарына ишенип турат. Бул туурасында Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй Москвадагы маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

Дипломаттын айтымында, кытайлык окумуштуулар коронавирустан айыктырчу вакцинаны иштеп чыгышкан, бирок аны толугу менен изилдеп чыгуу керек болуп жатат.

"Эпидемиянын очогунан (Хубэй провинциясы. — ред.) башка аймактарда жашоо ушул айдын аягына чейин мурдагы калыбына келерин божомолдоп жатабыз. Көптөгөн провинция жана шаарларда 18 күндөн бери ооруну жуктургандар азайганы байкалууда", — деди Ханьхуэй.

Элчи ошондой эле "вирусту Кытай атайылап чыгарган" деп тарап жаткан кепти четке каккан.

Коронавирус тууралуу

Компания Samsung в Южной Корее - Sputnik Кыргызстан
Samsung коронавирус жуккан кызматкерден улам Түштүк Кореядагы заводун жапты
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2 626 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 79 миңге жетти. Ошол эле учурда 25 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0