Бул жай кандай болорун климатологдор алдын ала айтышты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБакта эс алып жаткан шаар тургундары. Архив
Бакта эс алып жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер быйылкы кыш жылуу болуп, кар аз жаагандыктан дүйнөнүн көп жеринде кургакчылык өкүм сүрүшү мүмкүн деген божомолун айтууда.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 2020-жылдын жай айы абдан ысык болбойт. Бул тууралуу Россиянын геофизика боюнча обсерваториясынын кызматкери, климатолог Андрей Киселев айткандыгын "Известия" басылмасы жазды.

Климатологдун божомолуна караганда, жайдын салкын температурасына кыштын жылуу болушу себепкер.

Адистер күн абдан ысып кетпеши үчүн жаратылыш абалды өзү эле теңдештирип коёрун айтышууда.

"Эгерде температура кышында бир жогорулап кетсе, анда жай орточо ысык же аптап ортодон төмөн болот. Кыскасы, абдан ысык жайды күтпөй эле койгон туура", — деген климатолог.

Мындай мыйзам ченемдүү көрүнүштү адис көп жылдык маалыматка таянып айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0