Коронавирус Италияда 132 кишиге жугуп, мектеп, окуу жайлар жабылууда

© REUTERS / STRINGERКоронавирус менен ооруган бейтапты ооруканага жеткирип жаткан медицина кызматкерлери
Коронавирус менен ооруган бейтапты ооруканага жеткирип жаткан медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда 556 адам вирус жугузуп, беш киши көз жумду. Сакайып кеткендердин саны — 18. 

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Түштүк Корея коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча экинчи орунга чыгып, абал өтө кооптуу деп бааланууда. Ал эми Италияда 132 кишиге жугуп, мектеп, окуу жайлар жабылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Акыркы маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда 556 адам вирус жугузуп, беш киши көз жумду. Сакайып кеткендердин саны — 18. Дагы 6 миң 39 адамдын анализи чыга элек.

Распространение коронавируса нового типа в Китае  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун инкубациялык убактысынын жаңы мөөнөтү айтылды
Ал эми Италияда вируска кабылгандардын саны 130га жетти. Алардын 89у Ломбардия аймагында жашайт. Калганы Венето, Эмилия-Романья жана Пьемонт деп аталган аймактарда жашары айтылды. Өлкө боюнча эки киши өмүрү менен кош айтышты. 

 Ломбардия облусунун жетекчиси Аттилио Фонтана бүгүн аймактагы бардык мектептерди жабуу буйругун чыгарган. Андан сырткары, көп эл катышкан манифестацияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Эмилия-Романья облусунда да ушундай иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Пьемонт аймагында жогорку окуу жайлар ишин токтотту.

Япония дагы алдынкы саптарда. Бул мамлекетте COVID-2019 вирусу 136 кишиге жабышты.

Акыркы эки күн аралыгында жуктургандардын саны кескин өскөндөрдүн арасында Иран дагы бар. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Киануш Жаханпурдун  айтымында, жалпысынан 43 киши жуктуруп, анын ичинен сегизи каза тапты.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

23-февраль күнкү эртең мененки маалыматка караганда, коронавируска дүйнө жүзү боюнча 78 766 киши кабылды. Алардын 2461и каза болуп, 23133ү сакайып кетти.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0