Грин-карта берүү боюнча АКШнын жаңы эрежелери эртеңден тарта күчүнө кирет

© Sputnik / Вера Голосова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы шарттар боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуу максатын көздөгөн чет элдик жарандарга катуу талаптар коюлат.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эртең, 24-февралдан тарта, АКШда туруктуу жашоого уруксат берүүгө (грин-карта) киргизилген жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Жаңы шарттар боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуу максатын көздөгөн чет элдик жарандарга катуу талаптар коюлат.

"Ички коопсуздук боюнча министрлиги дүйшөмбүдөн тарта жаңы мыйзамды аткарууга киришет. Ага ылайык, биздин коомго мүчө боло турган адам өзүн-өзү каржылай ала тургандай болушу керек", — деп айтылат Ак үйдүн расмий билдирүүсүндө.

Мындай чечимди АКШ администрациясы өткөн жылдын аягында кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0