Кеңседе иштегендер кантип туура тамактанышы керек? Диетологдун кеңеши

CC0 / Pixabay / StockSnapПравильное питание в офисе
Правильное питание в офисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетолог ланч-бокстун жарым бөлүгүн жашылчалар ээлеши керектигин белгилеген. Алар бат сиңгендиктен тамактан кийин уйкуну келтирбейт.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Россиянын диетологдор улуттук бирикмесинин мүчөсү Людмила Денисенко кеңседе иштегендерге туура тамактануунун жолдорун айтып бергенин "Известия" жазды.

Адистин айтымында, толук түштөнүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатса ар түрдүү тамактар менен шам-шум этүү керек.

"Ланч-боксуңарга (бир нече бөлүктөн турган тамак салынуучу контейнер) азыктын бир канча түрүн салып алгыла. Маселен, углеводго бай жашылча менен дан азыктары көпкө чейин ток кармайт. Ошондой эле авокадонун, күн караманын, жаңгактын майы да пайдалуу. Муну менен биргеликте тамак ашты сиңирүүгө жардам бере турчу клетчаткага мол жер-жемиштер, буурчак, улпактарды жегенди унутпагыла", — деди адис.

Диетолог ланч-бокстун жарым бөлүгүн жашылчалар ээлеши керектигин белгилеген. Алар бат сиңгендиктен тамактан кийин уйкуну келтирбейт.

Гречка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер: гречка онкологиялык ооруларды алдын алат
Ал балык менен деңиз азыктарын кеңсенин ашканасында жылытып, анын жыты менен кесиптештердин көңүлүн бурдурбоого кеңеш берген.

"Азыктарды жылытууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ал үчүн кой, үндүк же тооктун кайнатылган этин, бадыраң, болгар калемпири, сабиз жана капустанын жалбырактарын салып алуу керек. Буга майлуу эмес сыр менен йогуртту кошуп алууга болот", — деген адис.

Денисенко мындан тышкары тамакты жылытууга шарт болбосо тоок эти кошулган салаттарды жасап алууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0