Балдарын таштай коюп... Кышта сууга чөккөн итин куткарган аялдын видеосу

© Sputnik / Мария ПлотниковаТоңуган арыктын жанында бараткан ит. Архив
Тоңуган арыктын жанында бараткан ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алина аттуу аял ит муз үстү менен өрдөктү кууп баратып, муз бүткөндө токтоп калбай сууга секиргенин айткан.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Москва облусунун Мытищи шаарында сууга түшүп кеткен итти ээси музду жарып сүзүп барып аман алып калды. Бул туурасында "Москва 24" телеканалы кабарлайт.

Аялдын жаныбарды куткарып жаткан учуру "Мытищи-Live" Instagram аккаунтуна жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 💢 МЫТИЩИ • НОВОСТИ • ЖИЗНЬ (@mytischi_live)

Алина аттуу аял ит муз үстү менен өрдөктү кууп баратып, муз бүткөндө токтоп калбай сууга секиргенин айткан. Бирок жаныбар кайра артка чыга албай калган.

"Мен ит өзү жээкке чыга алар деп бир саамга күтүп турдум. Анан ортончу кызым "чөгүп жатат" деп ыйлай баштады. Андан соң жанымдагы кишилерге балдарды карап турушун суранып, сууга секирдим. Сүзүп барып мойнундагы каргысы менен чынжырынан тартып чыга алдым", — деп айткан ал.

Маалыматта иттин ээси Алина үч баланын энеси, педиатор болуп иштээри айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0