Дарыгер: гречка онкологиялык ооруларды алдын алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГречка. Архив
Гречка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, гречканын курамында клетчатка бар. Ал ичегидеги майлуу жана сапаты начар тамактардын калдыктарын тазалайт.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Гречка ашыкча салмактан гана арылтпастан, онкология ооруларына кабылуу коркунучун да азайтат. Бул тууралуу Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Андрей Бобровский билдирди.

Дарыгердин айтымында, гречканын курамында клетчатка бар. Ал ичегидеги майлуу жана сапаты начар тамактардын калдыктарын тазалайт.

"Ичегидеги зыяндуу тамактардын калдыктарын тазалап турбаса, ал бара-бара онкологияга алып келет. Биринчи кезекте жоон ичегинин залалдуу шишигин пайда кылат. Бул дартты жолотпош үчүн клетчаткалуу азыктарды жеш керек", — деди Бобровский.

Диетолог гречка менен диета кармоо жеңил экенин айтты. Бул азык адамды арыктатып, ток кармайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0