Коронавирустан карантинге алынган Diamond Princess азыр кандай абалда? Видео

© REUTERS / ATHIT PERAWONGMETHAЧастичный карантин круизного лайнера Diamond Princess в Йокогаме
Частичный карантин круизного лайнера Diamond Princess в Йокогаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саякат лайнеринин ичинде бир кыргызстандык да бар. Ал эми эс алуучулардын бири, россиялык жаран коронавирустан анча чочубагандыгын айтты.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Diamond Princess деп аталган саякат лайнеринин ичинде жүргөн россиялык киши Сергей Попов суднодо азыр жагдай кандай экендигин айтып берди.

Ал RT менен болгон маегинде абалы жакшы экендигин, бирок ЖМКлар ага чалып, оорусу туурасында сурап баштагандан тарта "жаман боло баштагандыгын" белгилеген.

"Кандай тамак берип жатышат? Силерди, редакцияңарды кошуп бул жакка алып келсе. Силер эмне деп жатасыңар! Эртең мененки тамакка креветки бергенин көрдүңөр беле? Орустар оор басырыктуу эле жүрөт. Америкалыктар тигил жакта ыйлап-сыктап, баары эле онтоп... Орустарда болсо... Жок, баары тынч, сейилдеп жүрөт. Кечирип койгула, биз ушундай элбиз. Телевизордун алдына туруп алып буркурап ыйлашым керекпи. Бул жерде жасачу нерселерим көп, өзүмдүн сүйүктүү ишимди бүтүрүүдөмүн. Карантинге алынган бул күндөрү ушунча көп сейилдептирмин, өзүмдүн шаарымда мынчалык көп баскан эместирмин", — деп айтып берген ал киши.

Поповдун айтымына караганда, бул күндөрү баштап койгон китебин жазып да үлгүргөн.

"Анын эмне коркунучу бар экен. Азыр Москвада жүрүп жаткан грипптен коркуш керек. Ал эми коронавирус деген… Балдардын мурду агып калган эле нерседей. Баары тез эле өтүп кетет, ызы-чуу деле тынчыйт", — деди россиялык жаран.

Карантин круизного лайнера Diamond Princess в Йокогаме - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Япониядагы лайнерде калган жарандарын эвакуациялоого белсенүүдө
Эскерте кетсек, 5-февралда саякаттап жүргөн Diamond Princess деп аталган ири саякат кемеси Гонконго токтогон учурда анын жүргүнчүлөрүнүн биринен коронавирус табылган. Лайнер Япониянын Иокогама портуна токтоп, карантинге алынган. Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 700 адам бар, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 621ге жеткени айтылат. Алардын арасынан эки япониялык — 87 жаштагы абышка менен 84 жаштагы кемпир көз жумган.

Аны менен катар эле ЖМКлар лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги маалыматтын туура эмес экенин айткан.

Sputnik Кыргызстан саякат кемесиндеги кыргызстандык жаран менен байланышып, анын ал-абалы, дегеле кемедеги жагдай тууралуу сураган. Ал коронавирус жуктуруп алганы боюнча маалыматты четке кагып, ден соолугу таза экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0