Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы?

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТобольский кремль
Тобольский кремль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тюмень облусунда мунай кошулган уха жасашат, смузиге үч метрлик блин малып жешет, үйлөрдү да чеберлик менен курушат. Ал эми Абак ордосунда калуу сунушун туристтер сүйүнүп кабыл алышат. Бул жакта Распутин, падышалык үй-бүлө жана декабристтер жашап өткөн.

Сибирь саякатчылар үчүн эмнеси менен кызык экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттиги даярдаган макаладан окуңуздар.

Тюмендин алтын чийини

Москвадан Тюменге чейин учак менен канча саат деп ойлойсуз? Так билбегендиктен үч сааттан алты саатка чейинки жол деп жоромолдошот. Бирок Сибирь Россиянын борбор калаасына жакын: 2 саат 15 мүнөттө (кээде андан да эрте) жетесиз.

Весна в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Ялтадан Сочиге дейре: Россиянын түштүгүндөгү түгөнбөгөн кызыктар
Илгери бул аймакка сүргүнгө айдашса, азыр меймандарды "өз ыктыяры" менен чакырышат. Көрө турган, кыдыра турган, таасирлене турган кызыктары арбын. Россиядагы эң ири театры — Тюмень драма театры дал ушул жерде. Өлкөдөгү жападан жалгыз болгон Тура дайрасынын жээгинин төрт деңгээли бар. Сейилдөөгө көп келишет, анын үстүндө кечкисин шамдары жанган Арзышкандар көпүрөсү турат. Блокададан куткарылгандан кийин келемиштерден арыла албай кыйналган Ленинградга 238 мышык жөнөтүшкөн, алардын элесине Сибирь мышыктары сквери мында 2008-жылы ачылган. 

© Sputnik / Павел ЛисицынТюмень драма театры
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Тюмень драма театры

Шаардын чет жакасында ысык булактар көп, андан улам жергиликтүү аквапарк башка жактагылардан термалдык суусу менен өзгөчөлөнөт. Аларды геолог-мунайчылар тапкан. 

© Sputnik / Павел ЛисицынТура дайрасынын жээги
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Тура дайрасынын жээги

Тюменде уникалдуу өндүрүштөр сакталып калган. Мисалы, көлөмдүү жыгач архитектурасы. Мындагы оюктардын тереңдиги 30 сантиметрге чейин жетет, дүйнөдө теңдеши жок. Былтыр жайда Семаков, Володарский, Тургенев, Республика, Дзержинский көчөлөрү менен өткөн "Тюмень оймонун уламыштары жана символдору" же "Тюмендин алтын чийини" багыты пайда болду. Гид менен да кыдырып же тиркемени телефонуңузга көчүрүп алып, өз алдынча да сейилдесеңиз болот. 

© Фото / Свердлов / Медиабанкка өтүүТюмендеги Тургенев көчөсүндөгү XX кылымдын башында курулган турак үй
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Тюмендеги Тургенев көчөсүндөгү XX кылымдын башында курулган турак үй

Дүйнөгө таанымал килемдердин мекени да ушул облус. Алар табигый жүндөн "махра" технологиясы менен абдан жумшак токулат. Адатта күңүрт өңгө ачык түстүү гүлдөр түшүрүлөт. Үлгүсү Василий Суриковдун "Ак кар баскан шаарды алуу" деген эмгегинде да камтылган. 

© Sputnik / Юрий Каплун / Медиабанкка өтүү"Ак кар баскан шаарды алуу" картинасынын басып чыгарылганы
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
"Ак кар баскан шаарды алуу" картинасынын басып чыгарылганы

Президенттин сүрөтү жана абактагы мейманкана

Эгер Тюмень Сибирдин дарбазасы болсо, Тобольск — анын бөлмөлөрү, руханий борбору. Жападан жалгыз таш кремль да ушул жерде. Жергиликтүү кремль 1683-1799-жылдар аралыгында курулган. Ал эми Сибирдеги таштан тургузулган эң алгачкы курулуш Софий-Успенский байыркы чиркөөсү — Сибирдин көзгө басар туристтик жайы. 

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТоболь кремли. Чептин дубалдары жана Софий-Успенский соборунун көрүнүшү
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Тоболь кремли. Чептин дубалдары жана Софий-Успенский соборунун көрүнүшү

Великий Устюг шарынан келген Аяз ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жомок дүйнө! Туристтер агылган калаалар
Кремлдин комплекстеринин бири Абак сепилинде азыр Сибирь түрмөсү менен сүргүнүнүн музейи турат. Ал эми 1989-жылга дейре Россиянын эң катаал түрмөлөрүнүн бири ушул жерде болгон. Азыр мында түнөөгө болот, илгерки абактын ордуна бөлмө-камералары бар хостел ачылган. Терезелери кичине, темир менен тордолгон, эки кабат керебеттер коюлган. Келген меймандарга "По кругу" чайканасында гана катырылган нан менен ысык чай сунушат. Саякатчылардын айтымында, Абак ордодон түнөк алуу оңой-олтоң эмес, орундарды апрелдин башында гана ээлөөгө болот. Бир түндүк керебет акысы — 600 рубль. 

CC BY-SA 3.0 / Evgeny72rus / Абак ордосундагы "Узник" хостели
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Абак ордосундагы "Узник" хостели

Кызыктуу факт: 2010-жылы Тоболь кремлинин фотосу аукциондо 51 миллион рублге сатылган. Аны ошол кездеги президент Дмитрий Медведев өзү тарткан.

Тобольскко барардан мурун былтыр көрөрмандардын назарына коюлган "Тобол" тасмасын көрүүнү сунушташат. Петрдун тушундагы Сибирди өздөштүрүү жөнүндөгү тарыхый драма ушундай эле аталыштагы Алексей Ивановдун романы боюнча тартылган. Тасма тартылган аянтча — тегирмендүү, чиркөөсү бар жыгач үйлөрдүн шаарчасы туристтердин көңүлүн ээлеген объектиси болуп калды. 

© Фото / Семен Конев / Solivs"Тобол" тасмасы
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
"Тобол" тасмасы

Дагы бир көз жоосун алган көркөм жай — "Губернатордун үйү". Император Николай IIнин үй-бүлөсүнүн музейи. Ал жакта дээрлик бир жылдай, тагыраак, 1917-1918-жылдар аралыгында сүргүнгө айдалган Романовдор турган. "Тюмень жери падышаны өлтүрбөгөн жер катары белгилүү", — деп сыймыктанышат жергиликтүү тургундар. Бирок бул жактан Романовдорду өлүм жазасына алып кетишкен. 

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүИмператор Николай IIнин кабинет-музейи
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Император Николай IIнин кабинет-музейи

"Ашыкча отуруп койгон экен"

Тюмень менен Тобольскинин аралыгы кан жол менен — 250 чакырым. Жолдон Покровск айылына да токтосоңуз болот (облустун борбор калаасынан 85 чакырым). Бул Григорий Распутиндин мекени. Мында анын музейи бар, Советтер Союзундагы биринчи жеке маданий жай, 1990-жылдан бери иштеп келе жатат.

Музей белгилүү крестьянин жашап кеткен үйдүн (аны 80-жылдары эле бузушкан) өзүндө жайгашпаса да, чертеж менен тургузулган жаңы имаратта. Анда тарыхый инсандын буюмдары, идиш-аягы, эмеректери, иконалары, сүрөттөрү, ошондой эле бузулган үйдүн рамасы сакталып турат. 

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПокровск кыштагындагы Григорий Распутиндин турмушун чагылдырган жеке музей
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Покровск кыштагындагы Григорий Распутиндин турмушун чагылдырган жеке музей

Экскурсоводдор Распутиндин отургучу тууралуу уламышты айтып беришет: анда отурган киши кызматынан көтөрүлөрү турган иш экен. Москванын мэрлигине шайланардан мурун Сергей Собянин да ошол отургучка отуруп кеткен имиш. Ал эми хоккейчи Владислав Третьяк келип кеткенден кийин Россиянын курама командасы дүйнө чемпиондугуна жеткен.

Туроператордук компаниянын башкы директору Владислав Лутов бөлөк окуяны айтып берди. "Дагы бир белгилүү спортчу экскурсияны ошол отургучта отуруп алып угууну чечкен көрүнөт. Улам кийинки бөлмөгө көтөрүп алып жүргөн. Кийин түрмөгө отуруп калды. "Ашыкча отуруп койгон", — деп эскерет музейдиин директору. Негизи экспонат кызыл тасма менен тосулган, бирок меймандар аябай суранса, айла жок... 

© Фото / Музей Григория РаспутинаПокровск кыштагындагы Григорий Распутиндин турмушун чагылдырган жеке музей
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы? - Sputnik Кыргызстан
Покровск кыштагындагы Григорий Распутиндин турмушун чагылдырган жеке музей

Декабристтердин шаары жана блин калаасы

Тюменден анча алыс эмес жерде (80 чакырым), бирок башка жолдо Ялуторовск деген декабристтердин шаары бар. "Куткаруучулар союзунун" негиздөөчүлөрүнүн бири Матвей Муравьев-Апостол жашап кеткен 1795-жылкы үй сакталып калган. Бул имарат — тарыхый-мемориалдык музейдин бир бөлүгү. 1950-жылы анын аймагына декабрист Иван Якушкиндин үйүн көчүрүп тургузушкан.

Ялуторовск шаарын Россиянын блин калаасы деп коюшат. Масленицага (быйыл ал 1-мартка туура келет) үч метрлик блин жасашат. Майрамга жыл сайын 25 миңдин тегерегинде мейман келет, алар өздөрү да блин жасай алышат. Бирок аларга кичирээк, бир метрлик көмөч казандарды гана беришет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Куда сходить в Тюмени (@visittyumen)

Бөтөнчө чүчпаралар

"Бизде эт жана балыктын культу бар, — дейт "Тюмень облусун таанытуу жана туризм агенттигинин" директору Мария Трофимова. — Сүзбөгөн, чуркабаган жана добуш чыгарбагандын баары гарнир гана болуп саналат". Тобол дайрасында жоко балыктарды кармашат. Ал түгүл Тобольскиде "Уху евшие пельмени" деген тамак бар, аны ушул берекелүү балыктын шорпосунда бышырышат.

Тюменден 30 чакырым аралыктагы Успенка айылында "мунай кошулган уха" бышырышат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Natalya Astahova (@nuastakhova)

Жергиликтүү химиктер өз "сыйкырын" кылышат да, кара алтындын беш литринен 100 грамм кандайдыр бир кара субстанцияны алышат. Ошону уха тамагына кошушат", — деп түшүндүрөт тюмендик ашкананын чебери, шеф-ашпозчу Давид Хачатрян. Чыныгы рецебин эч кимге айтышпайт.

Бугу айдап бараткан Ямало-Ненец өрөөнүнүн жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ненецтердин жашоосу, көйгөйү, алардын боор эти менен тең бугулары. Сапар баяны
Бул аймактын алкоголдук ичимдиктери да бөтөнчө. Уникалдуу рецепт менен дандан тартылган самогонго мөмөлөрдөн кошуп ширесин чыгартышат. Күчтүүлүгү — 15-35 градус. "Татып көрсөң морс (жемиш ширесиндей) даамданат, бирок ичкен соң бутуңа тура албайсың", — деп тамашалашат сибирликтер.

"Смузиге окшоп кетет, болгону алкоголь кошулат", — деген пикирин айтат чычырканак настойкасынан таткан москвалык туристтик фирманын кызматкери. Даамы боюнча бул салтка айланган таттуу тамак смузиден кем калышпайт, кызылгат сууга чыланып, Ялутордун коюлтулган таттуу сүтү менен аралаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0