19:57 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
336 0 0

Москва коронавирус эпидемиясынан улам нефть казуунун көлөмүн азайтуу боюнча ОПЕКтин сунушуна макул болгон жок. Натыйжада нефть картели менен алака начарлап, чийки зат рыногундагы баа түшүп кетүү коркунучуна кептелди.

Түзүлгөн кырдаалда россиялык нефть казуучулар эмнеге ишенип жатканын жана өндүрүштүн көлөмүн азайтуунун кесепети кандай болоруна РИА Новости агенттиги саресеп салып көрдү.

Эр-Рияддагы чуу

Нефть рыногунда олку-солкулук өкүм сүрүүдө: коронавирустан улам бир карасаң баасы өсүп кеткен болот, бир карасаң арзандап калганына күбө болосуз. Аналитиктер эпидемиянын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин болжолдоп жатышат. Азырынча кулак сүйүнткүдөй кабар жок.

Бир жума мурун ОПЕК биринчи кварталга суроо-талаптын болжолдуу көлөмүн күнүнө 440 миң баррелге чейин төмөндөттү. Бул дээрлик жалпы сандын үчтөн бир бөлүгү. Жалпысынан 2020-жылы бир суткада пайдаланылчу нефтинин көлөмү 230 баррелге чейин кыскарары айтылып жатат.

Эл аралык энергетика агенттигинин (ЭЭА) божомолу андан бетер көңүл чөгөрөт. Февралдагы отчётунда уюмдун эксперттери 2020-жылы суткасына болгон суроо-талап 365 миң баррелден 825 миңге чейин төмөндөшү мүмкүн экенин ачыкташты. Бул глобалдуу каатчылыктан экономика жаңыдан өзүнө келип жаткан 2011-жылдагы көрсөткүчтөн да төмөнкү сан.

Мунун фонунда алдыңкы нефть өндүрүүчү, дээрлик ОПЕКтин башында турган мамлекет болгон Сауд Аравиясы баррелине 60 долларлык бааны сактап калуу үчүн мунай зат казууну кескин кыскартууга чакырды.

5-февраль күнү ОПЕК+ уюмунун техникалык комитети казууну суткасына кошумча 600 миң баррелге азайтууну сунуштаган. Тиешелүү чечимди альянска мүчө мамлекеттердин министрлери марттын башында болчу жолугушууда бекитмек. Бирок Эр-Рияд ага чейин жолугуп, тез арада бир пикирге келүүнү демилгелөөдө.

Аравиялыктардын ызы-чуу түшүүсүнө негиз бар. Пекин өзгөчө кырдаал жарыялап, бир катар өлкөлөрдөн суюлтулган газ алуудан баш тартты. "Карантинден улам терминалдарда жумушчу күчү жетишпей турат", — дешти Кытайдын CNOOC компаниясынан.

Пекин нефть боюнча да ушундай эле кадамга барышы мүмкүн, анткени эпидемиядан улам ага болгон суроо-талап 20 пайызга кыскарып кетти. Былтыр Кытайга 83,32 миллион тонна нефть (суткасына 1,67 миллион баррель) экспорттогон Сауд Аравиясы үчүн бул өтө ири чыгым болмокчу.

Мындан улам Эр-Рияд ОПЕК боюнча бардык өнөктөштөрү менен нефть казууну кыскартуу боюнча макулдашууга жетишти. Бирок картелге кирген ири өндүрүшчү Россия чектөөлөрдү колдобой койду. Россиялык нефть казуучулардын айтымында, коронавирус эпидемиясы талап менен сунуштун балансына таасир этпейт, ал эми февралдын башындагы баанын түшүшүн ЖМКлардагы паникага алдырган макалалар шарттады. Бул убактылуу көрүнүш.

Сөздүн чындыгы бардай, анткени өткөн жумада Brent үлгүсүнүн наркы 53,11 доллардан 56,5ке көтөрүлдү.

Рыноктогу дүрбөлөң убактылуу экенин бир катар өлкөлөрдөгү эксперттер да айтып чыгышты. "Жаңы вирустун активдердин баасына тийгизген таасири тууралуу аша чаап айтылды окшойт", — деди дүйнөдөгү эң ири Bridgewater хедж-фондунун башкаруучусу, миллиардер Рэй Далио.

"Эпидемиянын глобалдуу экономикалык өнүгүүгө кесепети анча болбойт", — деп Далионун сөзүн Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жетекчиси Кристалина Георгиева тастыктады. Анын айтымында, ЭВФ Кытайдын экономикалык активдүүлүгү кескин төмөндөп, кайра кескин жогорулайт деп эсептөөдө.

Ал эми Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй коронавирус да артта каларын белгиледи.

"Жалпы жонунан эпидемиологиялык абал татаал бойдон калып жатканына карабастан убакыттын өтүшү менен жакын арада вирус толугу менен көзөмөлгө алынат. Ал сөзсүз түрдө жок болот", — деп дипломат Россиянын Бажы кызматынын жетекчисине жазган катында билдирген.

Мындан улам россиялык нефть казуучулардын кыскартууга барбай жатканы кадыресе көрүнүш. 12-февралда Энергетика министрлигинде өткөн жыйында алдыңкы компаниянын өкүлдөрү азыркы көлөмдү экинчи кварталдын аягына чейин сактоо зарылдыгын айтышты. Ал убакта эпидемиянын кесепети башкача көз караш менен баалана турганы айтылды.

Американы багынтуу

Тилекке каршы, Россия менен ОПЕКтин бүгүнкү күндөгү көз карашы эки башка болуп жатат. Картелдин мүчөлөрү, өзгөчө Сауд Аравиясы үчүн, быйылкы жылдын бюджет таңкыстыгын жана мамлекеттик карызды жабууга нефтинин баасын көтөрүү зарыл болуп турат. ОПЕК мүчөлөрүнүн көбүнө экономиканын туруктуу болушу үчүн баррелине 60 доллардан кем эмес нарк керек.

Ал эми россиялык компаниялар казууну азайтып, баанын өсүшүнөн пайда көрбөйт. Анткени кошумча кирешенин басымдуу бөлүгүн бюджет салык катары алып коёт. Бирок россиялык өндүрүшчүлөр америкалык рынокту багынтууга мүмкүнчүлүк алышты.

АКШнын нефтини иштетүүчү заводдорунун көбү Венесуэланын оор нефтисин иштетүүгө ыңгайлашкан. Трамптын киргизген санкцияларынан кийин чийки зат жаатында АКШ бир топ көйгөйгө тушукту.

Каракастын сырьёсуна жападан жалгыз Urals туура келери аныкталды. Эл аралык энергетика агенттигинин былтыркы жылдын апрелине карата жасаган эсептөөсүнө ылайык, Россиядан алынган нефть суткасына 150 миң баррелге жеткен. Мындай ийгилик 2011-2012-жылдан бери боло элек болчу.

Федералдык бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында америкалыктар үч миллиард долларга Россиянын нефтисин сатып алган. Салыштыруу үчүн айтсак, 2018-жылы бул көрсөткүч 1,6 миллиарддын чегинде эле.

Ал эми декабрга карата океандын ары жагына жасалган экспорттун көлөмү 3,1 эсеге өсүп, 4,28 миллион тоннага жеткен. АКШнын Энергетика министрлиги билдиргендей, Россия Мексика менен Сауд Аравиясын артка калтырып, нефть ташуучулардын тизмесинде экинчи орунга чыккан. Азырынча биринчи орунда Канада турат. 2017-жылы эле Москва аталган тизмеде алтынчы болчу.

Бирок мындай ийгиликтин жолу узак болушу үчүн өндүрүштү кеңейтүү керек, демек, ОПЕКтин киргизип жаткан чектөөсү Россиянын бизнесине олуттуу тоскоолдук жаратат.

Ал арада дүрбөлөң аз-аздап басаңдап баратканын байкоого болот. ОПЕК+ уюмунун техникалык комитети 600 миң баррелге чейин кыскартуу сунушун жоюп койгонун Алжирдин энергетика министри Мухаммед Аркаба билдирди.

Комитеттин мындай кадамын Россиянын 2020-жылдын аягына чейин квоталарды өзгөртпөстөн ОПЕК+ келишимин узартууну чектөө сунушу менен макул болду деп бааласак болот. Акыркы чечимди ОПЕК+ уюмунун энергетика министрлери 6-мартта өтө турган жолугушууда кабыл алышы керек.

Тема боюнча

Россия айткан сөзүнө турат. "Түрк агымынын" ачылышы буга ачык далил
Австрия "Түндүк агым — 2" долбооруна жарыяланган санкцияларды сынга алды
20 жыл калды: "мунайдан соң" бизди кандай күн күтөт?
Белгилер:
Экспорт, импорт, Сауд Аравиясы, ОПЕК, Россия, нефть

ЭҢ МААНИЛҮҮ