Алла Пугачева жаш көрүнгөн сырын жана пластикалык операцияларын айтып берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык белгилүү ырчы Алла Пугачева. Архив
Россиялык белгилүү ырчы Алла Пугачева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы организми жалпы наркоз алууга жол бербегендиктен, "ар кайсы жерин тарттырып койгонун" айтты. Ал эми терисинин жылмакайлуулугу жаратылыштын белеги экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Россиялык белгилүү ырчы Алла Пугачева жасаткан пластикалык операцияларын жана бетинин жаш көрүнүшүнүн сырын ачты. Эстрада жылдызы НТВ телеканалына маек берген.

"Мага жалпы наркоз алууга болбогондуктан, кичине ар кайсы жеримди тарттырып койгом", — деди ал жаагы менен чеке тушун көрсөтүп.

Ал эми терисинин жылмакайлуулугун үй-бүлөсүндө муундан-муунга өтүп келе жаткан байлык катары эсептейт.

Дарыгер-косметолог Жанара Кубаныч - Sputnik Кыргызстан
Радио
Косметолог: күндөн коргоочу крем сүйкөө тиш жуугандай эле адат болушу керек
"Башынан эле терим жакшы. Өз ишин мыкты билген пластикалык хирург тааныштарым дагы муну баалашат", — деди ырчы.

Мындан тышкары, ырчы терисине жана ден соолугуна кам көрүүгө көп убакыт кетирүүнү жактырбай турганын айтты.

"Дарыгерлер бат-баттан текшерилип турбайсың деп урушат. Өзүмдү жакшы сезип турсам деле медиктерге чуркай бергенди жаман көрөм. Бирок болбой эле маал-маалы менен чакырып алып, ден соолугума кам көрүшөт", — деди ырчы.

Буга чейин 51 жаштагы актриса жана ырчы Женифер Лопес бул куракта келишимдүү тулку бойду кантип сактоо керектигин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0