Адамзат тарыхтагы эң жылуу январды башынан кечирди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы январда кургак жерлерде аба температурасынын орточо көрсөткүчү 16,6 градус болуп турду. Бул акыркы 141 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Быйыл адам баласы климатка көз салып келе жаткандан берки эң жылуу январды өткөрдү. Бул тууралуу АКШнын Океандык жана атмосфералык изилдөөлөр башкармалыгына шилтеме берип ABC News басылмасы жазды.

Мисалы, быйылкы январда кургак жерлерде аба табынын орточо көрсөткүчү 16,6 градус болуп турду. Бул акыркы 141 жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Рекорддук көрсөткүчтөр Азия, Скандинавия, Түндүк жана Түштүк Америкада катталды.

​Климатологдордун айтымында, аба ырайы акыркы 30 жылда бир топ өзгөргөнү байкалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0