Күйөө баласынын эки аялы бар экенин билген кайындары аны өрттөп сала жаздады

© AFP / ASIF HASSANҮйлөнүп жаткан Пакистандык түгөй. Архив
Үйлөнүп жаткан Пакистандык түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асиф Рафик Сиддики буга чейин бир эмес эки аял менен никеде турган экен. Биринчисине 2016, экинчисине 2018-жылы баш кошкон. 

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Пакистандын Карачи шаарында үлпөт той учурунда күйөө баланын биринчи жубайы конокторго ал тууралуу чындыкты айтып берип, элди таң калтырды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Көрсө, Асиф Рафик Сиддики буга чейин бир эмес эки аял менен никеде турган экен. Биринчисине 2016, экинчисине 2018-жылы баш кошкон.

Басылма ал жубайларынан "апам ооруп жатат, үйгө барып келейин" деп үч күнгө суранып кеткендигин жазды.

Акыры экинчи жубайы үйлөнүү туурасында билип калып, биринчисине айтып, ал тойго кирип келген.

"Кыз берген тарап алгач аялдын айтканына ишенген жок. Бирок ал кийин коноктордун арасында отурган кайненесин, абысынын жана кайын журтундагы башка туугандарынын атын айткандан кийин гана ишенген", — деп айтылат макалада.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашкандар көбөйдү! Мирзиёев үй-бүлө министрлигин түзмөй болду
Ошол замат болочоктогу кайын журт тарабы тура калып, жигитти ур-тепкиге алышкан. Ал сыртты көздөй чуркап, токтоп турган автобустун астына кире качкан.

Сиддики чыкпай жатканын көргөн коноктор акырында автобусту өрттөмөкчү болушкан, бирок ары-бери өткөндөр арачалап, чырды токтотуп калган.

Макалада Пакистанда диний көз караштардан улам бир нече аялга баш кошкондор бар экени айтылат.

Басылма эркек кийинки аялга мурункусу уруксат берген күндө гана үйлөнө алат деген эреже бар экенин жазган.

Маалыматта сөз болуп жаткан үй-бүлөнүн андан кийинки тагдыры тууралуу айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0