Эрте келген жаздын кандай зыяны бар? Дарыгердин пикири

Жазылуу
Атмосферанын басымы кескин өзгөргөндө кан тамырлар кысылып, баш, жүрөк, муун оорулары күчөйт. Ошондой эле күн күтүүсүз жерден ысып кеткен учурда инфарктка кабылгандардын саны көбөйөт.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Россиялык кардиолог, медицина илимдеринин доктору Юрий Конев жаздын эрте келиши кандай адамдарга терс таасир этерин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Коневдин пикиринде, мезгилдердин бат алмашуусу жүрөк-кан тамыр жана өнөкөт илдети барларга жага бербейт.

"Атмосферанын басымы кескин өзгөргөндө кан тамырлар кысылып, баш, жүрөк, муун оорулары күчөйт. Ошондой эле күн күтүүсүз жерден ысып кеткен учурда инфарктка кабылгандардын саны көбөйөт", — деди дарыгер.

Мындан улам адис  эгер синоптиктер жаздын эрте келишин божомолдоп жатса, ага алдын ала дайынданууну сунуштайт. Мисалы, организмге күч келтирбөө, дарыгер жазып берген дары-дармектерди ичип туруу жана спирт ичимдиктери, чылым сыяктуу терс адаттардан баш тартуу зарыл.

Белгилей кетсек, кыргызстандык синоптиктер февраль айынын аягында күн жылуу болуп, күндүн табы 13-14 градуска чейин көтөрүлөрүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0