17:14 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.0806
  • RUB1.0661
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
114 0 0

Кайсы жерден таканы жасап алууга, Тыгыдым жылкысын "жалынан" сылоого, капчыкка чычкан салып алууга болорун биздин өнөктөш — РИА Новости агенттигинин материалынан окуңуздар.

МОСКВА, 13-фев. — РИА Новости, Мария Селиванова. Великий Устюгда — Аяз ата, Мышкинде — чычкан, Кашинде — каша (ботко). Кеңири таанылган тарыхый жана маданий эстелик жайлары болбогон шаарлардын тургундары жомок каармандарын жаратып, атүгүл уламыштарды да ойлоп таап алышкан.

Почточу Гаврилдикине "мейманга"

Ярославль облусунда ойлоп табылган жана жомокто жашаган 12 каарман бар. Алардан улам жана жергиликтүү тургундардын тапкычтыгы менен жыл сайын туристтердин саны арбып жана жумуш орундары көбөйүп келет.

"Гаврилов-Ям чакан шаарчасына, мисалы, Ямщик музейин көрүп кетүү үчүн кайрылышат. "Ям" сөзүнүн бир мааниси — почталык станция", — деп түшүндүрөт демилгенин келип чыгышын жергиликтүү Элдик чыгармачылык борборунан Галина Билялова.

Качандыр бир кезде мында жашап кетти делген кат ташуучу арабакеч Гаврилдин образындагы актёр үйгө мейман чакырып турат. Байыркы тиричилик буюмдарын, каамытты көрсөтүп, чана, араба жана карета менен бир айланып келүүгө, жылкыларды кароону, ал тургай, така жасоону да сунуштайт.

Борбордук Россиянын эң байыркы шаарларынын бири болгон Ростов Великий шаарынын меймандары Ханбийке бака музейине барышат. Эркек балдардын тапкычтыгын сынап көрүүнү, жаа атууну сунушташат, кыз балдарга чач өргөндү үйрөтүшөт, ал эми меймандардын баарына төлгө катылган токочтон ооз тийгиздиришет. Азем эстеликтерди меймандар өз колу менен жасап, тагыраагы, магнитке чапталган формалардагы баканын сүрөттөрүн өздөрү боёп алышат.

© Sputnik / Сергей Пятаков
Ярослав облусунун Гаврилов-Ям шаарындагы Ямщиктер музейи

Кокубой кыштагындагы Жомок музейине келгендерди Мария чебердей жасанган кыз тосуп алат. Ал ар кандай жасалгаларды көрсөтүп, бөбөктөрдөн Жез кемпирге келген каттарды карайт, музейдин тарыхын баяндайт. Жез кемпир жана анын көмөкчүсү — Лесовик (токойдун ээси) — токойго жакын жердеги тооктун буттарына орнотулган чыныгы жомоктогудай үйдө жайгашышкан.

© Sputnik / Сергей Пятаков
Ярослав облусунун Гаврилов-Ям шаарындагы Ямщиктер музейи

Кокубой айылында дагы бир жомок устуну турат, ал уламыш баатырлары жашаган жерге чейинки аралыкты көрсөткөн жол белгиси жана ярославдык Михайло Потапович аюунун Токой резиденциясы бар.

Айбанаттын костюмун кийген артист аркан тартышмай, жаа атмай, каптар менен чабышмай боюнча мелдештерди өткөрүп турат.

Рыбинский районунун Ермаков айылынын жашоочулары Ряба тоок ушул жерде алтын жумуртка уялаган деп эсептешет. Алтургай, музей курушкан. Экспозицияда дыйкандын кийимдери, байыркы идиш-аяк жана ашкана буюмдары, түйдөк, кооз күзгү, ар кандай материалдардан жасалган тооктун калыптары жана лапталары коюлган.

Пошехон районунда атайын туристтер үчүн жасалган Тыгыдым айылында Тыгыдым жылкысы жана Сивка-Бурка (Бурак ак боз ат) "жашайт". Меймандарга Даараткана музейин көрүүгө, дегеле, анын Россияда пайда болуш тарыхын билүүгө чакырышат. "Мелочная лавка" — XIX кылымдын айылдык супермаркетине баш баккандар товарды таразага мурдагы таштар менен тартып, эсептеп, көлөмдүү эсеп китептерин толтурууну үйрөнүшөт. Ал эми жыттуу самандын чөмөлөсүндө саман кампасында бир ойноп-оонап алууга болот.

Капчыктагы чычкан

Атына жараша, албетте, Мышкинде чычканды кадырлашат. Кемирүүчү жандыктын урматына музей салышкан, келгендерге XII кылымда жашап өткөн князь Федор Мстиславскийдин баянын айтып беришет.

© Sputnik / Владимир Вяткин
Мышкин шаарындагы "Мышкины палаты" (Чычкандардын ордосу) туристтик-агартуучу комплекси

Волганын өйдөңкү жээгинде бир аз эс алуу үчүн кыңкаят, чычкандын кыбыраганынан ойгонуп кетет. Адегенде ага кыжырданат, бирок уулуу жыландын сойлоп келе жатканын көргөндө түшүнөт. Эгер ошол кемирүүчү жандык болбогондо жанагы жылан аны чагып алмак экен. Өзү куткарылган жерге чакан чиркөө орнотууну буюрат. Бара-бара анын айланасында калк отурукташып, кыштакка айланат.

"Адегенде уламыш гана болгон, кийин дүйнөдөгү жападан жалгыз Чычкандар музейи ачылган. Булуң-бурчтан меймандар агылат, мейманкана жана кафелер ачылат, чычкандын сүрөтү менен ар кандай буюмдарды сата башташкан. Эң кеңири таралган сувенир — акча чакырып турсун деген ишеним менен капчыкка салып жүрчү чычкан", — дейт жергиликтүү туристтик-маалыматтык борбордун жетекчиси Светлана Алексеева.

Чычкан аларды азыр да куткарып келет — шаар тургундарынын үчтөн бир бөлүгү туризм жаатында эмгектенет.

Аяз ата кайда жашайт?

Аяз ата бардык меймандарын өз палаталарын, жаңы жылдык открыткалардын коллекциясын көрүп, көз жоосун алган токойдо сейилдөөгө чакырат. Анын почтасынан посылка салууга, темир устанын үйүн жана зоопаркты көрүп, бугулар чиркелген чана тебүүгө болот.

Терем Деда Мороза в Великом Устюге
© Sputnik / Александр Юрьев
Великий Устюгдагы Аяз Атанын ордосу

Балатынын ар кыл доордогу жасалгаланышын чагылдырып турган жаңы жылдык оюнчуктар музейи бар. "Акыркы жылдары шаарда ондогон кафе жана ресторандар иштей баштады. Жеке мейманканалардын курулушу укмуштай күч алды. Жүздөгөн жумушчу орундары түзүлдү", — деп Вологда облусунун маданият жана туризм департаментинен айтып беришти.

© Sputnik / Юрий Кавер
Великий Устюгдагы архитектуралык эстеликтер

Кашинден каша жеп кеткиле!

"Каша" бренди шаардын аталышына ылайык болгону менен тургундардын бир тобу аны дароо кабыл ала койбоду, — дейт Каша жана Кашиндин үрп-адаттары музейинин экспозицияларынын автору Алексей Столяров. — Себеби шаардын аталышы чындап эле фин-угордук "кашина" – камыштуу дайра деген сөзүнөн келип чыккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Музей Каши (@muzeikashi)

2014-жылы ачылган музейде Байыркы Руста эмне жана кантип жешкенин айтып беришет. Ал жакта Каша фестивалы жыл сайын өтөт. Ал эми жергиликтүү кафе жана ресторандарда бул азыктын улам бир бөтөнчө рецебин табууга тырышышат.

"Туристтердин агымы гана көбөйүп тим болбостон, алардын курамы да алмашат, — дейт Столяров. — Мурда бизге ыйык Анна Кашинскаянын күчүнө табынган сыйынуучулар келсе, азыр бала-чакалуу көп үй-бүлөлөрдүн агымы артты".

Иш кандайча жүзөгө ашат?

Ойлоп табылган бренд менен туристтерди кызыктыруу үчүн ал бир катар шарттарга ылайык келүүгө тийиш. Биринчиден, шаар бир нерсеге же бир каарманды эске салып турушу кажет (мисалы, Кострома Аяз кызы менен).

Ийгиликсиз мисалдар да жок эмес. "XIX кылымда Шуя самыны абдан белгилүү болгон. Туристтерге Шуяны "самындуу калаа" катары таанытуу аракетинен майнап чыга элек. Самын музейи ачылып, фестиваль өткөрүлүп жатканы менен шаардын меймандары ал брендди толук кабылдай элек", — дейт ири туроператордун экскурсиялык иши боюнча директору Светлана Потапова.

Экинчиден, бренд позитивдүү болушу шарт. "Кеп Горыныч жылан тууралуу болуп жатса да, ал боорукер жана тамашалуу каарман экени сезилиши керек", — деп кошумчалайт эксперт.

Үчүнчүдөн, жергиликтүү колоритти да эске алуу зарыл. Жомок жана уламыштын каармандары байыркы шаарга куп жарашат, ал эми заманбап калаага бөлөк демилге издөө оң.

Белгилер:
Россия, каармандык, жомок, саякат, туризм

ЭҢ МААНИЛҮҮ