"Жыргалчылыкты арттырат"... АКШ Борбор Азияга эмне үчүн көз артууда?

© AP Photo / © AP PhotoАКШнын жана борбор азия мамлекеттеринин желектери. Архив
АКШнын жана борбор азия мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документ "АКШнын Борбор Азия үчүн 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы: суверендүүлүктү жана экономикалык жыргалчылыкты арттыруу. Обзор" деп аталып, эгер ишке ашса орто азиялык өлкөлөргө эгемендүүлүктү да, жыргалчылыкты да алып келбейт.

Геворг Мирзаян, РФ Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти атайын Sputnik үчүн

АКШнын мамлекеттик департаменти борбор азиялык республикаларга карата максаттары камтылган документти жарыялады. Расмий түрдө ал "АКШнын Борбор Азия үчүн 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы: суверендүүлүктү жана экономикалык жыргалчылыкты арттыруу. Обзор". Иш жүзүндө бул документтин жүзөгө ашырылышы орто азиялык өлкөлөргө эгемендүүлүктү да, жыргалчылыкты да алып келбейт.

АКШ чар тараптан орун издейт

Соңку жылдары Кошмо Штаттар Орто Азия өлкөлөрүнө өтө чоң көңүл бөлүп келет. Бирок бул Вашингтон капысынан эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кызыкдар боло калганынан улам эмес.

Орто Азия Вашингтонго Россияга көйгөйлөрдүн булагы жана Кытайга (биринчи кезекте Кытайдын эң талуу жери болгон – дал Казакстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан Синьцзян) басым жасоо үчүн мейкиндик катары зарыл экенин элдин баары жакшы түшүнөт.

Флаги стран США и Ирана - Sputnik Кыргызстан
Чийинден чыгып кетишти. АКШ менен Ирандын тиреши күч алабы?
Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Казакстан жана Өзбекстанга (Борбор Азияда лидерликке умтулган эки мамлекет) болгон жакындагы сапарында ал бул өлкөлөрдү Россия менен Кытайдан жок дегенде азыраак болсо да буруп кетүүгө болушунча аракет жасаганы да эч кимге жашыруун эмес. Аракетинен майнап чыгара албады, бирок АКШ бул багытта ишин улантары шексиз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жарыяланган стратегия дагы бул иштин негизги принциптерин жана максаттарын көрсөтөт. Документ абдан кызык, бирок которуу керек, англисчеден аталган аймак түшүнчүдөй тилге гана тургай, дипломатиядан жалпак тилге которуу абзел.

Аймактагы мамлекеттерге карата документтин башында белгиленген негизги стратегиялык кызыкчылыктарды карап чыгалы.

Москва менен Пекинден оолактатуу

Маселен, "Өзүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын, ошондой эле өз шарттары менен өнөктөштөрүн илгерилете турган туруктуу жана өнүккөн Борбор Азияны жаратуу" деген пункт бар. Жалпак тил менен бул Борбор Азияны Москва жана Пекин менен болгон артыкчылыктуу кызматташтыктан четтетүү дегенди эле билдирет. Ооба, кулакка жакшы угулар, бирок бул РФ жана Кытай менен кызматташтыкты эле чектөө эмес, бул чектөөнүн кесепеттерин жаңы өнөктөштөр менен болгон долбоорлордун эсебинен жаап берет. Ошол жаңы өнөктөш ким? АКШ эмес экени айдан ачык. Ооба, стратегияда америкалыктар миллиарддаган инвестициялар жана долбоорлор, аймакты кооптуулуктардан коргоо боюнча иш алып барууну айтышат. Бирок аныгында алар Борбор Азияны Россиянын деңгээлиндей коопсуздук, Кытайдын деңгээлиндегидей экономикалык долбоорлор менен камсыз кылууга жөндөмсүз.

Экинчи башкы кызыкчылык — "аймакты дүйнөлүк рынокторго кошуу жана тышкы инвесторлорго ачуу". Жалпак тилде бул америкалык бизнес үчүн өзгөчө шарттарды түзүү жана өлкөлөрдүн ЕАЭБ менен кызматташтыгын чектөө (Кыргызстан боюнча алсак, курамдан чыгуу) дегенди туюндурат. Ошол эле Помпео Өзбекстанды евразиялык структураларга кирбөөгө, андан көрө Дүйнөлүк соода уюму тууралуу ойлонууга тегин жерден көндүрүүгө аракет кылган жок.

Нефть станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласы жок... АКШ россиялык нефтиден көз каранды экенин мойнуна алды
АКШга экономикалык жактан таянуу кыйла кооптуу, АКШ (Россия менен Кытайдан айырмалана) экономикалык кызматташтыкты качан болбосун өлкөнүн ички саясий ишине кийлигишүүгө байлайт.

Чындыгында алар муну жаап-жашырууга да тырышпай, "күчтүү демократиялык институттарды түзүү, мыйзамдын улуктугунун принциптерин бекемдөө жана адамдын укугун сыйлоо" деп үчүнчү кызыкчылык катары көрсөтүшкөн. Мунун алкагында Вашингтон "жарандардын маанилүү саясий маселелерди чечүүгө катышуусу" үчүн коомдук уюмдарды колдоону, ошондой эле жергиликтүү бийликтин "жарандардын ар бир өтүнүчүнө" жооп бериши үчүн бардыгын жасоону көздөйт.

Казакстандын түштүгүндө болгон башаламандыктарды, Кыргызстандагы батыштык бейөкмөт уюмдардын кызуу иш алып барганын жана Өзбекстандагы реформалардын оор процесстерин эске алсак, мында америкалыктардын колунда "укук коргоо ишмердиги" үчүн эбегейсиз мейкиндик бар.

Студенттик, аткаминерлик жана окутуучулук "алмашуу" (башкача айтканда, жергиликтүү интеллектуалдарды жана каймактарды АКШ аймагында такшалтуу) боюнча 40 программанын каржыланышы да америкалык "жумшак күчтү" жылдырууда олуттуу кол кабыш кылат. Албетте, мунун баары аймактагы мамлекеттердин коопсуздугу жана ички туруктуулугунун эсебинен ишке ашат.

"Аймактын тең салмактуулугун кантип бузган оң?"

Вашингтон өзүнчө пункт менен АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү кирген C5+1 дипломатиялык форматын өнүктүрүүнү максат кылат. Бул форматтын алкагында америкалыктар, маселен, аймактын өлкөлөрүн "Европа жана Кавказ" менен кантип дурусураак байланыштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеткер. Башкача айтканда, чыгыштан батыш багытына көмүртекти экспорттоону гана жайылтуу эмес, бул өлкөлөрдү өзүнүн инфраструктуралык долбоорлоруна (эске салсак, азыр Орто Азия кытайлык "Жибек жолу" долбоорунан орун алууга кызуу аракет кылууда) байлоону көздөйт. Бирок аталган форматтын эң маанилүү, документте баса белгиленбесе да, бир маселеси бар – аны регионалдык коңшуларга контрбалансты түзүүгө пайдалануу.

Угольная шахта Вуек в Катовице - Sputnik Кыргызстан
Россия эми Польша менен тирешеби? Көмүрдөн чыккан көйгөй
Ошентти, АКШ ачык эле, ал түгүл дипломатиялык тилде да бул форматты Россия менен Кытайга каршы максаттарга колдонорун жазат.

Борбор Азия өлкөлөрүнө мындай дипломатиялык ыңгайсыздыктар үчүн компенсация катары C5+1 форматынын алкагында Вашингтон ар кандай (коопсуздук, экономикалык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) долбоорлорго дээрлик 34 миллион доллар бөлгөнүн эске салат.

Борбор Азия өлкөлөрү мындай каражатка жана жаңы америкалык инвестицияларга болгон убада үчүн аймактын коопсуздугунун башкы кепили жана экономикалык өнөктөшүнө каршы багытталган долбоорго кызуу (көрүнөө да эмес, дал кызуу түрдө) киришеби? Тилекке каршы, бул соболдун жообу белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0