09:03 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
995 0 0

АКШнын көктөн издегени Россиядан табылып, Москва мындан миллиарддаган киреше көрдү. РФ эмнеден утуп, Америка эмнеден кол жууганына РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Наталья Дембинская баам салып көрдү.

АКШнын Энергетика министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Россия өлкөгө кара алтын алып кирген ири импортерлордун тизмесинде Канададан кийинки эле экинчи сапта турат. Санкцияларынан улам Венесуэланын нефтисинен кур жалак калган Америка ага альтернатива издеп жүрүп, океандын бери жагынан (Россия) тапкан. Россиянын сырьёсу так АКШга керектүү болуп чыгып, Москва мындан миллиарддаган доллар киреше көрдү.

Ийгиликтин баасы

АКШ күзүндө 70 жылдан бери биринчи жолу кара алтындын нетто-экспортеру болду. Энергетикалык маалымат башкармалыгынын (EIA) эсеби боюнча өлкө сентябрда чет жакка бир күндө адаттагыдан 89 миң баррелге көп чийки нефть жана нефть продуктуларын экспорттогон.

"Нефть өнөр жайы күтүүсүз нерселерге бай болот. Кеп нарк-бааны, өндүрүштү жана соода агымын астын-үстүн кылган сланец революциясы тууралуу болуп жатат", — деп Bloomberg басылмасынын бул маалыматына экс-президент Жорж Буштун энергетика боюнча кеңешчиси Боб Макнелли комментарий берди.

Бирок ал кийинки жылы эле сланец өндүрүшү жайлай турганын айткан божомолдорду унутуп калган окшойт. Сланец менен алектенген компаниялардын алкымын кандырууга инвесторлор азырынча даяр эмес: он жылдан бери бул тармак чыгашалуу экени айкын болду, долбоорлордун басымдуу бөлүгү көптөн күткөн киреше алып келген жок.

Evercore ISI консалтинг компаниясынын маалыматы боюнча, он жылдын аралыгында энергетикалык ишканалар иштеп тапканына караганда 280 миллион доллар көбүрөөк чыгым болгон. Америкалык сланец өндүрүүчүлөрүнүн акцияларынын индекси 2007-жылдан бери 31 пайызга төмөндөп кетти.

EIA башкармалыгынын божомолдоосу боюнча 2020-жылы АКШда нефть өндүрүүнүн көлөмү күнүнө 400 миң баррелге өсөт. Бул 2017-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. EIA 2021-жылы сланец нефтисин казып алуунун көлөмү 50 пайызга кыскарышы мүмкүн экенин жоромолдоп жатат.

Бул биринчи кезекте Permian бассейнине тийиштүү болот. Өндүрүш кыскара турганын айтып, сланец менен алектенген Pioneer Natural Resources жана Centennial Resource Development ири компаниялары коңгуроо кагууда.

Көп экен, бирок бул эмес

Нефть экспортеру деген макамга өтүүгө АКШ шашылбашы керек. Бул жерде дагы башка маселенин учугу чыгып жаткандай: өлкөдөгү нефть иштетүүчү бир катар компаниялардын технологиясы Пермь бассейни менен Батыш Техастан келчү жеңил нефтини (бензин менен дизель майын иштеп чыгарууга жарактуу) пайдаланууга жол бербейт.

Аны Венесуэладан сатып алынып келген оор нефть менен аралаштыруу керек. Бирок Трамп аталган өлкөнүн PVSDA мамлекеттик ишканасына санкция киргизгенден кийин АКШ сырьё жаатында бир топ тоскоолдуктарга кабыла баштады. Көрсө бул нефтини башка продукт менен алмаштыруу мүмкүн эмес экен.

Ага Сауд Аравиянын химиялык курамы боюнча жакын нефтиси туура келмек. Бирок саудиттер Венесуэлага киргизилген санкцияга карап нефтини адаттагыдан көп өндүрүүгө макул эмес. Жападан жалгыз жол — россиялык нефтинин Urals маркасын сатып алуу.

Эл аралык энергетика агенттигинин эсеби боюнча өткөн жылдын апрелине карата Urals нефтисин АКШга жеткирүүнүн көлөмү суткасына 150 миң баррелди түзгөн. Ал эми августта алты жылдык максимумга жетти. Акыркы маалыматтар боюнча, биринчи жарым жылдыкта эле америкалыктар үч миллиард долларга чукул каражатка россиялык нефть сатып алган.

Анык жеңүүчү

11 айдын аралыгында Россиянын АКШга экспорту 3,1 эсеге өсүп, 4,28 миллион тоннага жетти. РФ компаниялары нефтиден 1,95 миллиард киреше көрсө, нефть продуктуларын сатуудан дагы 3,8 миллиард түшкөн.

АКШнын Энергетика министрлиги октябрда Россия нефть алынган өлкөлөрдүн тизмесинде Мексика менен Сауд Аравиясын артка калтырып экинчи орунга чыкканын билдирди. Сап башында Канада турат. Ал эми Москва үчүн бул 2012-жылдан берки рекорд болуп эсептелет. Бул тууралуу Caracas Сapital аналитиктери айтышты.

Салыштыруу үчүн айтсак 2017-жылы Россия бул тизмеде алтынчы орунда болчу. Америкалык импорттун дээрлик 40 пайызы Канадага, 9,4 пайызы Сауд Аравиясына, 6,8 пайызы Мексикага, 6,7 пайызы Венесуэлага жана 6,0 пайызы Иракка туура келчү.

Венесуэлага каршы киргизилген санкциядан америкалык инвесторлор жапа чегип, утушта Россия болду деп жазды Washington Post.

"Мындан тышкары, Москва менен Каракастын ортосундагы нефть өндүрүү, ташуу жана башка рынокторго сатуу боюнча түзүлгөн келишим болуп көрбөгөндөй киреше алып келди", — деп жазат гезит.

Басылма америкалык чиновниктердин айтканына таянып Роснефть күнүнө 400 миң баррелге тете венесуэлалык нефтиге ээ экенин белгилейт. Айрым маалыматтар боюнча бул жалпы алынчу көлөмдүн жарымынан көп бөлүгү. Айына 120 миллион доллар алып келет.

Тема боюнча

20 жыл калды: "мунайдан соң" бизди кандай күн күтөт?
Белгилер:
экспорт, импорт, Мексика, Канада, санкциялар, Венесуэла, АКШ, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ