Артык кылам деп... Футболчу өзүнүн дарбазасына гол киргизип алган видео

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTЧемпионат Франции по футболу. "Пари Сен-Жермен" — "Лион"
Чемпионат Франции по футболу. Пари Сен-Жермен — Лион - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин экинчи таймында ПСЖ клубунун чабуулчулары каршы аракеттерди күчөтүшкөн, бирок ошол эле команданын оюнчусу өз дарбазасына гол киргизип алган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Футбол боюнча Франция чемпионатынын алкагында беттешкен "Пари Сен-Жермен" жана "Лион" клубдарынын оюну учурунда күлкү келерлик көрүнүш болду.

​Мелдештин экинчи таймынын 47-мүнөтүндө ПСЖ клубунун чабуулчулары каршы аракеттерди күчөтүшкөн. Бир убакта ошол эле клубдун оюнчусу өзүнүн дарбазасына кокусунан гол киргизип алганын көрүүгө болот. Оюн талаасына алар ак кийим менен чыгышкан.

Видео аз убакытта эле интернетке жайылып кетип, комментарийлеринде Марсалдын тобу "жылдын мыкты голуна талапкер" деп жазышкан.

Жыйынтыгында 4:2 упай эсеби менен ПСЖ жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0