"Жеңиш почтасы" долбоору: жалгыз калган эмгек ардагери элден кат күтөт

© Sputnik / Руслан КривобокПразднование Дня Победы в Москве
Празднование Дня Победы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек ардагери колундагы ымыркайы менен оорукта эмгектенгенин айтып берди. Жолдошу фронтко кетип кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бардык каалоочулар оорук эмгекчиси Анна Георгиевна Терёхинага кат жибере аларын Russia Today жазды.

Бул #ЖеңишПочтасы долбоорунун биринчи чыгарылышы. Мында көптөгөн чоң энелердин тылда өткөргөн күндөрү баяндалат.

1941-жылы Анна Георгиевна кош бойлуу экенин билген. Ошол эле жылы фронтко кеткен жолдошу дайынсыз жоголуп кеткени тууралуу кабар келет. Ал кезде болгону 21 жашта болчу. Анна Георгиевна согуш бүткөнгө чейин баласын колуна көтөрүп алып оорукта, мектепте, госпиталда эмгектенген. Кайра турмушка чыккан эмес. Кийин жалгыз уулу дагы көз жумган. Бүгүнкү күндө Анна Георгиевна жалгыз жашайт, ал 9-май Жеңиш күнүнө карата сиздерден кат күтөт.

Катты 111020, Москва, Боровая, 3/1 көчөсү, дарегине Терёхина Анна Георгиевнага деп жөнөтө аласыздар. Ал эми ардагерлерге суроолорду, видео кайрылууларды pochtapobedy@rttv.ru электрондук дарегине жолдоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0