Антарктидада күн ысып, абанын температурасы рекорд койду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАнтарктидадагы саякатчылар. Архив
Антарктидадагы саякатчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы 50 жыл ичинде Антарктидада абанын температурасы үч градуска жогорулаган. Буга климаттын өзгөрүшү себеп экени белгиленип жатат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Антарктиданын түндүк аймагында абанын температурасы 18,3 градуска жетти. Бул байкоо жүргүзүлө баштагандан берки рекорддук көрсөткүч экенин “Известия” жазды.

Буга чейинки мындай жогорку көрсөткүч 2015-жылдын март айында катталган. Анда термометр 17,5 градусту көрсөтүп таң калтырган болчу.

“Азырынча дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун эксперттери бул маалыматты тастыктай элек. Феноменди изилдөө үчүн атайын комиссия чогулат”, — деп айтылат макалада.

Адистердин айтымында, акыркы 50 жыл ичинде Антарктидада абанын температурасы үч градуска жогорулаган. Буга климаттын өзгөрүшү себеп экени белгиленип жатат.

Баса, жалпы адамзатка таандык Антарктидада да кадимкидей эле жашоо бар экенин билчү белеңиз? Биздин макаладан көп маалымат ала аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0