Путин Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай ардагерлерге 75 миң рублден бере турган болду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев на церемонии возложения цветов к Могиле Неизвестного солдата
Президент РФ В. Путин и премьер-министр РФ Д. Медведев на церемонии возложения цветов к Могиле Неизвестного солдата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель-майда аны Россиядан тышкары Латвия, Литва жана Эстонияда жашаган Россия жарандыгы бар ардагерлердин алары айтылды.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге акча төлөп берүү боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында Кремлдин сайтына жарыяланды. 

Сумма 75 миң рублди түзөт. Апрель-майда аны Россиядан тышкары Латвия, Литва жана Эстонияда жашаган Россия жарандыгы бар ардагерлердин алары айтылды.

Алар:

  • Согуштун ардагерлери менен майыптары;
  • Фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн гетто, концлагерлер жана башка мажбурлап кармаган жайлардын жашы жете электе түшкөн туткундары;
  • Финляндия, Япония менен, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин жесирлери, жесилдери;
  • Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин жана катышуучуларынын жесирлери, жесилдери;
  • Ал эми гетто, улутчулдардын концлагерлери жана башка мажбурлап кармаган жайлардын туткундарына 50 миң рублден берилмекчи.

Аталган каражаттарды төлөө жана жеткирип берүү милдети Россия өкмөтүнө жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0