Вирустун айынан Токио Олимпиадасы болбой калабы? Комитет тынчсызданууда

© AFP / KAZUHIRO NOGIТокио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив
Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү. Мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшү коркунуч алдында турат. Мындай тынчсыздануусун мелдешти уюштуруу комитетинин башчысы Тосиро Муто билдиргенин The Times басылмасы жазды.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышы оюнга кедергисин тийгизчүдөй. Мени бул абдан ойлонтууда. Токионун өкмөтү жана мэриясы менен кызматташканда инфекцияга каршы бардык аракеттерди көрүп жатканыбызга ынанышыбыз керек. Жакынкы убакытта маселе чечилет деп ойлойм", — деген Муто Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары менен жолугушкан учурда.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү. Мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулат.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Баткенге Кытайдан келген жарандар коронавирус жуктурган эмес
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирусту эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти, сакайып кеткендер — 1 153.

Ал эми Японияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 23.

Жаңылыктар түрмөгү
0