Тамак менен оюн-зооктон аяшпайт. Туристтер акчасынын көбүн эмнеге коротот?

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүПарапланда учуп бараткан туристтер. Архив
Парапланда учуп бараткан туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер сыртка саякатка чыккан адамдар акчасын көбүнчө эмнеге сарптай турганын жана кайсы учурда үнөмдөөрүн билүү үчүн 1500 адамдын арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Турист катары чет жерге чыккандардын басымдуу бөлүгү эч качан тамагынан акча аябайт. Бул тууралуу OneTwoTrip туристтик сервисине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистер сыртка саякатка чыккан адамдар акчасын көбүнчө эмнеге сарптарын жана кайсы учурда үнөмдөөрүн билүү үчүн 1500 адамдын арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Алардын арасынан 63 пайызы барган жеринен жаңы нерсенин даамын сызып кетүүдөн эч качан акчасын аябай турганын айтышкан. Мындан тышкары, көпчүлүк көңүл ачуу программаларына, оюн-зоокко көп чыгым болорун билдиришкен.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашык жүккө акча төлөгүсү келбеген турист кыз акыры айласын тапты. Сүрөт
Ал эми үнөмдөө тууралуу айтсак, дээрлик бардык сурамжылангандар, тагыраагы, алардын 92 пайызы учак билетин арзан сатып алууну каалашат. 71 пайызы арзыбаган акчага мейманкана издейт. 61 пайызы чет өлкөдөн жакындарына белек жана сувенир алуу үчүн каражат кетиргенди жактыра бербейт.

Белек демекчи, Daily Express басылмасы аэропорт кызматкеринин пикирине таянып, эс алуудан кайтып келе жатканда чемодандын ичиндеги ичимдик, атыр сыяктуу айнек идиштеги сынып кала турган нерселерди аман жеткирүүнүн жол-жобосун айтып берди. Морт буюмду чүпүрөктөн эмес, сапаттуу желимден жасалган чемоданга салуу туура экен. Ошондой эле жүгүңүз ары-бери ыргытылбасын десеңиз, аны анча оор кылбаңыз. Кызматкердин айтымында, жүк ташуучулар оор чемодандарды жактырбай ыргытып, түртүп, тепкилеп жылдырган учурлар көп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0