Путин: адамзат кооптуу чекте турат, буга төрт нерсе себеп

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти дүйнөдөгү абалга кабатырланып, адамзат кооптуу чекке чукулдаганын билдирди.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күндө адамзат кайрадан кооптуу чекке жакындады. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин шаршемби күнү элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде билдиргенин "Известия" жазды.

"Буга аймактык чыр-чатактардын көбөйүшү, терроризм жана экстремизмдин күч алышы, курал-жаракты көзөмөлдөө системасынын кыйрашы, глобалдык экономиканын туруксуз абалы себеп", — деди президент.

Путин үстүбүздөгү жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 75 жыл толгонун белгилеп, тынчтык идеалдарынын, эркиндиктин жана адилеттүүлүктүн жолун жолдоо согуштан кийинки тынчтыктын негизи болгонун эске салды.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Череповец - Sputnik Кыргызстан
Тоңдуңар го! Путин кортежин токтотуп суукта аны күткөн эл менен учурашты. Видео
Россиянын лидери стратегиялык туруктуулукту чыңдоо жана терроризм көйгөйүн чечүү үчүн Москва Вашингтон менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Путин планетадагы тынчтык жана коопсуздук Россия менен АКШ мамилесинен көз каранды болгондуктан, Москва эки өлкө арасындагы алака теңдиктин жана сый-урматтын чегинде болушу керек деп эсептейт. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө президент орус тараптын Улуу Британия менен байланышты калыбына келтирүүгө даяр экенин айтып, чет элдик делегацияларды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу Москвадагы салтанаттуу иш-чараларга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0