03:13 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (763)
859 0 0

25 жаштагы кыздын үйүнө түн ичинде эркек киши кирип барып, муунткан. Кыз катуу жөтөлүп, коронавирус менен ооругандыктан Ухандан жаңы эле келгенин билдирген.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кытайлык кыз зордукчул кишиден коронавирус менен ооруйм деген шылтоо менен кутулуп кеткенин Metro басылмасы жазды.

Окуя Цзиншань (Ухандан үч сааттык алыс жол) шаарында болгон. 25 жаштагы кыздын үйүнө түн ичинде эркек киши кирип келип, муунткан. Кыз катуу жөтөлүп, "Мен коронавирус жуктуруп алгандыктан Ухандан жаңы эле келдим. Ошол себептен үйдө жалгыз отурам, карантин", - деп билдирген. Коркуп кеткен эркек киши кыздын уюлдук аппараты менен 300 фунт стерлингин (27 миң сомдой) алып качып жөнөгөн.

Кийинчерээк полиция кылмышкер кармалганын маалымдаган. Ал укук коргоо органдарына атасынын коштоосунда келген. Ошондой эле кыздын үйүнө кирип аны тоноп, "башка кылмыш жасоону" дагы ниеттенгенин моюндаган.

Көрсө эркек киши үй-бүлөсү менен урушуп кеткенден кийин көчөдө калып, уурулук кылууну чечкен экен. Кол салуу учурунда ал бет капчан болгон, бирок кыз аны дене түзүлүшүнөн жана үнүнөн тааныган.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын кабарлаган. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Акыркы маалыматка ылайык, коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 24 505ге жетти. 493 киши көз жумса, 902 бейтап айыккан. Вирустун бир нече өлкөгө жайылып кеткени маалым.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (763)

Тема боюнча

Алып келебиз. ТИМ Кытайдагы кыргызстандыктардын байланышка чыгуусун өтүндү
Белгилер:
зордуктоо, коронавирус, кыз, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ