Шенген визасын алууда жаңы эрежелер күчүнө кирди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНовый объединенный визовый центр в Москве
Новый объединенный визовый центр в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми виза алуу үчүн жарым жыл мурун арыз жазуу керек. Эски эрежеде үч ай болчу. Мындан тышкары, документти электрондук түрдө толтурууга болот.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Шенген визасын берүүдөгү жаңыртылган эрежелер 2-февралдан тарта күчүнө киргенин Еврокомиссиянын маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.

Бул өзгөртүүлөр Европа биримдигинин Шенген аймагына кирген 22 мамлекетке, ошондой эле биримдик менен ассоциацияланган мүчөлөр Лихтенштейн, Исландия, Норвегия жана Швейцарияга тиешелүү.

"Бул өлкөлөрдүн биринен берилген кыска мөөнөттүү бирдиктүү виза Шенген келишими боюнча 26 өлкөгө 180 күндүн аралыгындагы 90 күнгө берилет", — деп айтылат маалыматта.

Эми виза алуу үчүн алты ай мурун арыз жазуу керек. Эски эрежеде үч ай болчу. Мындан тышкары, документти электрондук түрдө толтурууга болот.

Визалык жыйым 60 евродон 80 еврого өстү. Мындай өзгөрүүнү бирикменин өкүлдөрү инфляциянын жалпы деңгээли менен тууралаганы менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0