Көзү көрбөгөн киши автокырсыктан кийин сокурлуктан кутулган. Польшадагы окуя

© AP Photo / Lim Huey TengПоследствия ДТП с HONDA
Последствия ДТП с HONDA - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Януш Горайдын 20 жыл мурда аллергиядан улам оң көзү таптакыр көрбөй, ал эми сол көзү караанды бүдөмүк гана ажыратып калган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Польшада сокурлуктун айынан автокырсыкка кабылган кишинин көзү кырсыктан кийин көрүп калгандыгын Mirror басылмасы жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип жазды.

Януш Горайдын 20 жыл мурда аллергиядан улам оң көзү таптакыр көрбөй, ал эми сол көзү караанды бүдөмүк гана ажыратып калган.

​Бир ирет жөө кишилер өткөн чийинден аны автоунаа коюп кетип, жамбашына операция жасалган. Эки жума реабилитацияда жаткандан кийин көрүү мүмкүнчүлүгү кайтып келген. Басылма, мындан сырткары, анын кырсыктаганда алган жаракаты бүтүп калгандыгын жазды.

Чоң эле кишинин кылыгы. Учакты кондуруп жатып көзү көрбөй калган пилоттун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Чоң эле кишинин кылыгы. Учакты кондуруп жатып көзү көрбөй калган пилоттун видеосу
Адистер мындай көрүнүштү ооруканадан ага жазып берилген дарылардын "кыйыр таасиринен" улам болушу мүмкүн деп боолголошкон.

Ал эми Януш Горай көзүнүн көрүп калышына аны келип сүзгөндө ошол автоунаанын капотуна, андан кийин асфальтка башы менен катуу урулгандыгы себеп болду деген пикирин айткан.

Ак халатчандар мындай жакшы окуяга эмне себеп болгондугун медицинанын тили менен так айтып бере алышкан эмес. Себеби муну изилдөөгө катышууга пациент макулдугун бербей койгон.

Анткен менен Януш Горай ооруканадан таптакыр кетип калган эмес, тагыраагы, ошол эле жайга күзөтчү болуп орношуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0