Улуу Британия Европа биримдигинен чыкты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын жана Европа Биримдигинин желектери. Архив
Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Европа биримдигинен чыгуу боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Үч жыл мурда бул маселе боюнча референдум болгон.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Улуу Британия Европа биримдигинен расмий түрдө чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Европарламент өлкөнү катардан чыгаруу маселеси боюнча 31-январь күнү добуш берди. Депутаттар британ парламенти кабыл алган келишимди жактырды.

Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгуунун урматына чыгарылган жаңы монета - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британия Brexit процессинин урматына жаңы монета чыгарат. Сүрөт
Ошентип Британия Евробиримдиктен расмий түрдө 31-январь күнү саат 23.00дө чыгып кетти.

Өлкөнүн премьери Борис Жонсондун айтымында, мындай чечимдин максаты Британияны эгемендүүлүк жолу менен алдыга жылдыруу.

Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Европа биримдигинен чыгуу боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0