23:08 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
416 0 0

1920-жылы жайнаган зубрлардан (жапайы топоздон) Европанын зоопарктары менен чарбаларында 48 баш гана жаныбар калган. Илимий коомчулук коңгуроо кагып, көбөйтүү үчүн чара көрүүгө чакырган.

XX кылымдын 30-жылдарында жок болуп кетейин деп калган зубрларды азыр кайра калыбына келтирүү иши өзүнүн майнабын берди. Анткени менен азыр деле ойлонто турган жагдайлар бар. Алар — аргындаштыра тургандардын аздыгы, жайыттын жоктугу, браконьерлер. Сейрек тартып кеткен жаныбардын бул түрүн сактап калууга изилдөөлөр менен селекциялык стратегия жардам берет. Приокск-Террас коругундагы зубрлардын борбордук питомнигинен РИА Новости жасаган репортаж азыркы абал тууралуу айтып берет.

Муз доорунун символу

Зубрлар — Европадагы жаныбарлар, муз доорунун мегафаунасынын бир бөлүгү, мамонттор менен жүн каптаган кериктердин учурунда жашаган. Пиренеев аймагынан Батыш Сибирге чейин, Кавказда жана Скандинавия жарым аралында жашаган. Алардын табигый душмандары болгон эмес. Климат, муздун жылышы, байыркы адамдар кооптуулук жараткан эмес.

Бирок кийинки доордун адамдары таш боор болуп чыкты. Бул жаныбарлардын башы маанилүү олжо деп эсептелип, териси менен эти көптөрдүн көзүн кычыштырган.

1920-жылы жайнаган зубрлардан Европанын зоопарктары менен чарбаларында 48 баш гана жаныбар калган. Илимий коомчулук коңгуроо кагып, көбөйтүү үчүн чара көрүүгө чакырган.

Аларды сактоо Россияда зоолог Михаил Заблоцкийдин да негизги иши болуп калды. Питомник издеп борбордук Россияны түрө кыдырып чыкты. Тилкеси кенен токойлуу, чөбү ар түрдүү жана транспорт оңой менен жете ала турган аймак керек эле. Окумуштуу Москва облусунун түштүк тарабы менен чектешкен Ок дарыясынын оң жээгин тандап алган.

XIX кылымдын аягында биологдор дал ушул жерди ыңгайлуу деп таап, 1945-жылы Приокск-Террас коругу түзүлүп, 1948-жылы аны зубрлар үчүн ылайыкташтырды. Бул 200 гектарда жайгашкан токой, талаа жана саздуу жер эле. Польшадан таза кандуу беш зубрду алып келип, адистер аларды аргындаштырып көбөйтүп, тукумун улашкан. Ошентип жакшы иш башталган.

Ким кожоюн?

— Авгуша! Авгуша! — деп питомниктин жетекчиси Ирина Землянко ар жактагы бараандуу зубрду чакырып жатты. Акырга башын салып алган соот жаныбар карап да койгон жок.

— Жок, чөптөн башын албайт го, — деп улутунуп койду Ирина. Жашыл короону бойлой басып жүрдү. Ал жерде бир үйүр зубрлар кезекте туруп, жей турган жемин күтүп жаткан. Алардын арасынан буттары али ичке, боз-саргыч жалы кадимкидей билинип калган балдарын көрүүгө болот эле. Кичинекейлер күздө туулган.

Акыры Августин ургаачы зубр Мутаханы ээрчий акырдан четкерээк чыга берди. Алар бири-бирин жакшы көрөт. Эркеги ага башын жөлөп, кулактарын жыттап, зубрларга гана тиешелүү дабышты чыгарат. Ал эми ургаачысы анын капталына жөлөнүп, көзүн жуумп бир топко турат.

— Августин — өзүнүн үйүрүн карап, коргоп жүргөн акылдуу бука. Өткөндө зубрларды кашаага айдап үч өспүрүм кирсе, кичинекей зубрларды кадимкидей кайтарып, коргоп турганын байкадык. Ал эми жаңы ургаачы зубрду алып келгенде ал көнгүчө башкалардын чабуулунан коргоп, жемин жегиче карап, кадимкидей коштоп жүрөт, — деп айтып берди Ирина.

Жакшы асыраса, жакшы төл берет

Генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөндө зубрлар дагы башка бир жаныбарларга — бизондорго жакын экени аныкталган. Эки түр тең болжол менен мындан 1,5 миллион жыл илгери кыска буттуу букалардан келип чыкканы белгилүү. Алар жалпы жаныбарлар Евразиядан Берингия аркылуу Түштүк Америкага оогондо эки айрылыш жолго түшкөн.

Ошол мезгилден тарта Берингия аймагын үч ирет ирет суу каптоо болуп, туяктуулар мекенинен алыста калган. Миңдеген эволюция аларды бизонго айланткан. Учурда алардын талаа жана токой бизондору деген эки түрү кездешет.

Ал эми Европада зубрлар да жалкы болбой түздүк жана кавказдык болуп калыптанган. Россияда аларды кайра көбөйтүү, тукумун жандандыруу иштери жүрүп жатат.

1961-жылы зубрлардын борбордук питомнигинен башка аймактарга 470 баш жандыкты жиберишкен. Алардын эң көп төлдөгөн жери — "Орловское полесье" деп аталган улуттук парк. Подмосковье зубрлары Калуга, Брянск, Смоленск жана Вологда облустарын байырлайт.

Дүйнө жүзү боюнча алардын саны 7000ге жакын. Бул — жоголуп бара жаткан жаныбарлардын санын көбөйтүү, калыбына келтирүү боюнча жасалган ийгиликтүү мисалдардын бири. Россияда зубрлар Кызыл китепке киргизилген.

Тема боюнча

Ок жеп, көзү көрбөй калган илбирстин абалы айтылды. Сүрөт
Эки аяктаган илбирс, таңыркаган карышкыр. Фотокапканга түшкөн тоо жаныбарлары
Белгилер:
Россия, Европа, кызыл китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ