Коронавирустун даана тартылган сүрөтү. Фотофакт

Жазылуу
АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана профилактикалоо борбору (CDC) Кытайдагы жаңы коронавирустун жаңы сүрөтүн көрсөтүштү.

Бүгүн Кытайдагы вирустан каза тапкандардын саны 170ке жеткени жана сутка ичинде оорудан 38 адам көз жумгандыгы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, оору Тибетке да жеткен. Тибет өлкөнүн коронавирус каттала элек акыркы аймагы болчу.

Вирус Кытайдан башка Гонконгдо, Макаодо, Тайванда, Таиландда, Японияда, Түштүк Кореяда, АКШда, Канадада, Вьетнамда, Сингапурда, Непалда, Францияда, Австралияда, Малайзияда жана Германияда катталган.

Кыргызстанда азырынча бул ооруну жуктургандар каттала элек. Аны менен катар эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча кайрадан жыйынга чогулганы турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0