Кытай бийлиги коронавирустун жайылышы кайсы айда токтой турганын айтты

© Sputnik / Татьяна Меель / Медиабанкка өтүүАэропорттогу медициналык маска кийген жүргүнчүлөр
Аэропорттогу медициналык маска кийген жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Новосибирск университетинин адиси Сергей Нетесов вирус дагы эки жумадай тездик менен тарашы ыктымалдыгын билдирген.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кытай бийлигинин алдын ала маалыматы боюнча, коронавирустун жайылышы февралдын ортосунда чегине жетет. Андан кийин төмөндөй баштайт. Ал эми марттын аягында толугу менен токтойт. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Кытайдын Көзөмөл жана профилактика боюнча борборунун алдыңкы эпидемиологу Цзэн Гуандын айтымында, оорунун инкубациялык мөөнөтү бар.

"23-январда Уханга карантин киргизилген. Эгер ошол убактан тарта эсептей турган болсок, 8-февралда эпидемия төмөндөп башташы керек", — деди адис.

Коронавирустун алдын алып жатам. Бет кап кийген шаардыктардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун алдын алып жатам. Бет кап кийген шаардыктардын видеосу
Буга чейин Новосибирск университетинин Бионанотехнология, микробиология жана вирусология лабораториясынын башчысы Сергей Нетесов вирус дагы эки жумадай тездик менен тарашы ыктымалдыгын билдирген.

Декабрдын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында белгисиз бир вирустун таралышы боюнча билдирген. Биринчилерден болуп оору жуктургандардын деңиз азыктары сатылган базар менен байланышы болгон. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0