Роналду Instagram тармагында эң көп катталуучу топтогон биринчи адам болду

© REUTERS / Massimo PincaПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роналду баракчасына катталгандардын саны боюнча америкалык белгилүү ырчы, актёрлорду артта калтырды. Спортчу соцтармакты активдүү колдонуп келет.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Instagram тармагында 200 миллион катталуучу топтогон биринчи адам болду. Бул тууралуу Sports.ru жазды.

Групповые матчи Лиги чемпионов. Ювентус против Байера - Sputnik Кыргызстан
Жаны кашайып, ойт берген Роналду. Күйөрмандын олдоксон селфисинин видеосу
Италиялык "Ювентус" клубунун 33 жаштагы чабуулчусу бул рейтинг боюнча америкалык ырчы Ариана Гранде (173 миллион катталуучу) менен актёр Дуэйн Жонсонду (170 миллион катталуучу) артта калтырды.

Салыштыруу үчүн айта турган болсок, Роналдунун атаандашы, "Барселонанын" капитаны Лионель Мессинин Instagram баракчасында 141 миллион катталуучу бар.

Роналду фотосервиске машыгуу, эс алуу учурундагы сүрөт-видеолорун, жарнамалык постторду жайгаштырып, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү менен дагы бөлүшүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0