АКШ тик учактарынын пилоттору Ми-24 менен согушууга мажбур. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМи-24 тик учактары. Архив
Ми-24 тик учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Советтик жана россиялык өндүрүштөгү аскердик техниканын натыйжалуулугу Пентагонду түйшөлтүүдө. Тусон шаары жана Мексика менен чек арадан алысыраак жердеги Дэвис-Монтан авиабазасынын аймагында америкалык учкучтар Ми-24 тик учактарына каршы туруу ыкмасын өздөштүрүүдө.

Александр Хроленко, аскерий баяндамачы

Россиялык (советтик) өндүрүштөгү куралды пайдалануу менен мындай аракеттер АКШнын аймагында алгач ирет өткөрүлүп жаткан жок.

Ми-24 сокку уруучу тик учактары АКШ Куралдуу аба күчтөрүнүн 55-эскадрильясынын окууларынын өткөрүлүшүнө америкалык учкучтардын жана тик учактардын (анын ичинде HH-60G Pave Hawk заманбапташтырылган версиясы дагы) мүмкүнчүлүгүн сыноо үчүн тартылган.

Эки Ми-24тү Болгариядан жеке америкалык компания (Алабамадан) тарабынан кансыз согуш авиациялык музейине экспонат катары сатып алынган. Сестентүү иретинде Пентагондогулар кызыга баштаганда, бурама канаттуу машиналар АКШ Куралдуу аба күчтөрүндө экинчи өмүр алган.

Торжественная церемония приема-передачи двух вертолетов и радиолокационной станции в Канте - Sputnik Кыргызстан
Россия белек кылган тик учактар менен станциялардын артыкчылыгы. Саресеп
АКШ авиабазасынын өкүлү капитан Курт Уоллин: "Ми-24 сокку уруучу учактары менен машыгуу – биздин тик учактардын мүмкүнчүлүгү, биздин тактиканын, колдонулган процедуралар жана куралдардын актуалдуулугу боюнча бүтүм чыгарууга шарт түзө турган алдыга карай олуттуу кадам", — деп белгилейт.

АКШ Куралдуу аба күчтөрүнүн 55-эскадрильясынын учкучу Стивен Адамс: "Биз абадагы тигил же бул коркунучка каршы кандай чара көрүшүбүз керектигин түшүнүүгө тийишпиз. Дал ушул себептен мындай окуулар биз үчүн абдан маанилүү", - деди.

Чектеш Мексикада Ми-24 тик учагынын жоктугун эске алсак, Аризонада кайсы коркунуч тууралуу сөз болуп жатат? The Aviationist басылмасы белгилегендей, бүт дүйнөгө жайылган америкалык күчтөрдүн потенциалдуу каршылаштары болуп саналган бир катар өлкөлөр Ми-24 сокку уруучу тик учактары менен куралданган. "Дэвис-Монтен" авиабазасынын тажрыйбасы кеңири пайдаланылары турулуу иш.

АКШ Куралдуу аба күчтөрү: гедонисттер жана мазохисттер

Аризонада Ми-24 сокку уруучу тик учагы америкалыктардын көңүлүнө толду, ал тургай, аны "жогорку эффективдүү курал" деп атап алышты. 45 жылдык тарыхы бар "ардагер" учакка бул аталыш жарашып да калыптыр. Ошентсе да алар бул машина менен бир топ мурдараак таанышкан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарларга таянсак, АКШ армиясынын улук унтер офицери Жеф Стейтон 1980-жылдардын ортосунда купуя шартта Ми-24 (НАТОлук аталышы — Hind) үлгүлөрүнүн бирин сынап көргөн.

Ту-160 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туруктуулук техникасы: Россия ТУ-160М учагын жасоону жандандырды
Америкалык учкучту кеменин каптагычынын жарым дюймдук коргоо катмары, айнек шарынан укмуштай көрүнүшү, күчтүү турбоактивдүү кыймылдаткычтары, учуштун автоматтык туруктуулук тутуму, кабинанын химиялык жана биологиялык окту өткөрбөстүгү, ошондой эле Ми-24түн көтөрүүчү күчүн 28 пайызга дейре камсыз кылган (ошону менен бирге эле куралдын илмегинин көп чекиттерин пайдаланууга мүмкүндүк берген) узун канаттары айран таң калтырган.

Стейтондун "Эгер тик учакта ырахат алуу үчүн гана учкум келсе, тандоомдун эң алдыңкы сабында Hind болору анык" деген сөзү көпчүлүккө маалым. Ушундай авиациялык гедонизм бар. Согуш майданында Ми-24 тик учагынын огунун алдында калуу бөлөк кеп.

Тик учактын курал менен жабдылышы да өтө өзгөчө. Ар кыл типтеги жана модификациядагы башкаруусуз авиациялык ракеталары 3500 метрге чейинки ыраактыктагы бутаны талкалоого багытталган. Танкка каршы башкарылуучу ракеталар каршылаштын сооттолгон бутасын да жогорку тактык менен 5000 метрге чейинки аралыктан жок кыла алат.

"Аба-аба" классындагы башкарылуучу Р-60 ракеталары 20 чакырымга чейинки ыраактыктагы ылдый учуучу аба кемелерине каршы сокку урууга мүмкүндүк берет. Ичине орнотулган пушкасынан сырткары, пулеметтору бар илме контейнерлери же гранатометтору, ошондой эле пушкалуу контейнерлери бар. Илмектери 100дөн 500 килограммга чейинки аба бомбаларын көтөрө алат.

Ми-24 Афганистандын аймагындагы согуштук аракеттерде, 1980-жылдардын башындагы иран-ирактык согуш убагында сыноодон жакшы өткөн. Кыйла көп артыкчылыктарга бай болушу менен ирактык Ми-24 тик учактары ирандык сокку уруучу Bell АН-1J "Sea Cobra" менен салгылашта мыктылыгын көрсөткөн (каршылашын жеңип же артка чегинткен).

Ракетный удар США по аэродрому в Сирии - Sputnik Кыргызстан
"Искандерге" жооп. АКШнын жаңы ракеталары дүйнөгө эмнеси менен кооптуу?
Ал эми аба салгылаштарынын биринде, 1982-жылдын 27-октябрында, ирактык Ми-24 тик учагы каршы багытта келе жаткан Ирандын Куралдуу аба күчтөрүнүн кубаттуу жабдылган F-4 Phantom II америкалык кыйраткыч учагын атып түшүргөн. Андан бир аз мурдараак, тагыраак, 1982-жылдын 8-июнунда, Ливандын аба майданынан сириялык Ми-24 "аба-аба" тибиндеги Р-60 эки ракетасы менен 8 чакырым аралыктан F-4 Phantom II дабышсыз кыйраткычын аткан. Таң калтырат.

"Темирдин" мүнөздөмөлөрүнөн тышкары да америкалыктар учкучтардын менталитетин эске алууга тийиш, Афганистанда учуу ишинин айрым чеберлери Ми-24тө штаттык кыймылдаткычтары жана "Нестеров илмеги" чеберчилиги менен аткарышкан.

Операциялык мейкиндиги

Оор жабдылган, сооттолгон жана укмуштай шамдагай Ми-24 тик учагы адегенде аскердик аракеттердин европалык театрындагы классикалык согуш — кан майдандагы күчтөрдү ок жаадыруу менен колдоо, тактикалык десанттарды түшүрүү үчүн жасалган. Колдонууга берилгенден ондогон жылдардан кийин абдан жакшыртылды.

Ми-24 Афганистандын тоолорундагы, чөлдөрүндөгү, Кавказ жана Памирдин капчыгайларындагы, Экватордук Африканын тропикалык токойлорундагы согуштук аракеттерге катышкан. Айрыкча замбирек менен жабдылган Ми-24П жана 12,7 мм пулемету менен бириктириле жабдылган Ми-24В үлгүлөрүнүн популярдуулугу 1991-жылдан бери арткан.

1970-жылдан 1989-жылга дейре сериялык түрдө 3500 чакты Ми-24 тик учагы чыгарылган. Четөлкөлүк буюртмачылар 1991-2014-жылдар аралыгында 170тен ашуун сокку уруучу тик учак алышкан. Ушул тапта 50 өлкө Ми-24 менен куралданган. Ошентсе да мында мунаса жок.

Штаб-квартире ОЗХО в Гааге - Sputnik Кыргызстан
Өзүнөн-өзү чечилбейт. Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун айланасындагы чыр
"Рособоронэкспорт" КМШ мейкиндигинде көп сандагы Ми-4 тик учагы колдонулат деп эсептейт. АКШнын аскердик чалгын кызматынын маалыматында, болжол менен 2100 Ми-24 тик учагы дүйнөнүн 34 өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүндө бар. Кандай болсо да бул машина согуштук куралдын баасы, сапаты, мыктылыгы жана натыйжалуулугунун эң жакшы айкалышын бардык жерде ынанымдуу көрсөтүп келет.

Ми-24 тик учактары россиялык армиялык авиациясынын негизги сокку күчү бойдон калып, КМШдагы бир топ өлкөлөрдө кызмат өтөйт. Акырындап катардан ар кыл модификациядагы Ми-35 тик учагы орун алууда.

Россиядан тышкары, Ми-35 тик учагы Азербайжан, Бразилия, Венесуэла, Ирак, Нигерияда пайдаланылат, сыртка бардыгы болуп жүзгө чукул машина жөнөтүлгөн. Болжолдосок, Ми-24 жана Ми-35 тик учактары америкалык "Кара карчыгалар" менен чыныгы согуш майданында кезигип калышы ыктымал. Көп нерсе "потенциалдык каршылаштардын" мурда аталган тизмесине жана реалдуу көп полярдуу дүйнөгө карата Пентагондун стратегдеринин акыл-эстүү мамилесине жараша болор.

Жаңылыктар түрмөгү
0