11:12 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
102 0 0

“Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский менен Sputnik Эстония агенттигинин жетекчиси Елена Черышева Страсбургда өткөн Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясына (ПАСЕ) катышты.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россиялык журналисттер ПАСЕ ишине катышып, Sputnik Эстониянын айланасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча айтып беришти.

Страсбург шаарында өтүп жаткан ПАСЕнин кышкы сессиясында маданият, илим, билим берүү жана ЖМК боюнча комитеттин “ЖМК эркиндигине жана журналисттердин Европадагы коопсуздугуна жаралган коркунучтар” аттуу доклады талкууланды. Документ британиялык делегат лорд Жордж Фоулкс тарабынан даярдалып, анда Россия журналисттерди коркутуу жана куугунтуктоого айыпталып, ЖМК өкүлдөрүн коргоо чакырыгы ташталган. Жыйынга “Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Кирилл Вышинский менен Sputnik Эстония агенттигинин жетекчиси Елена Черышева барган. Журналисттер кесиптештеринин алдына Sputnik агенттигинин сары жилеттерин кийип чыгышты.

Вышинскийдин айтымында, иш-чарага Черышева экөө РФ делегациясынын чакыруусу менен депутаттарга Европа, анын ичинде Европалык биримдикте россиялык журналисттердин куугунтукталышын айтып жеткирүү үчүн катышууда.

“Россия сегодня” эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору россиялык журналисттер Латвия, Литва, Эстония, Польша, Германия, Франция жана Улуу Британияда кысымга учурап жатканын белгиледи.

“Мында Sputnik жана “Россия сегодня” агенттиктеринде иштеген кесиптештерибиздин аккредитациядан ажыратылышы, иш-чараларга катыша албай калышы тууралуу кеп болууда. Акыркы убакта коркутуулар күч алды, биздин редакцияда иштөөнү тандап алган журналисттерди кылмыш жоопкерчилиги менен опузалап жаткандарына күбө болдук”, — деди Вышинский.

Ал эми Sputnik Эстониянын жетекчиси Елена Черышеванын айтымында, ушу тапта өлкөдөгү кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен.

“Европалык өлкө болуп саналган Эстонияда сөз эркиндиги деген таптакыр жоюлду. Жүз пайыздык цензура өкүм сүрөт. Редакцияда иштегендердин көбү эстониялыктар экенине карабастан, өлкө бийлиги унчуккан жок”, — деди ал.

Sputnik Эстониянын айланасындагы кырдаал аталган мамлекеттин журналисттерге жасаган мамилесин ачык көрсөттү. Бул тууралуу РФ делегациясынын ПАСЕдеги өкүлү, Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий билдирди.

Анын айтымында, агенттикке көрсөтүлгөн кысым бүгүнкү күндөгү Европа үчүн жапайычылык катары кабылданат.

Декабрда Sputnik Эстония редакциясынын кызматкерлери Полиция департаментинен "Россия бүгүн" эл аралык агенттик менен иш келишимин бузбаса, кылмыш ишин козгоо боюнча билдирүүлөрдү алган. Мындай аракетин Таллин Евробиримдиктин 2014-жылы март айында киргизген санкциялары менен түшүндүргөн. Тизмеде "Россия бүгүн" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевдун болгону менен агенттиктин өзү тууралуу айтылган эмес.

Натыйжада журналисттер 1-январдан тарта "Россия бүгүн" эл аралык агенттиги менен келишимин токтотуп, Sputnik Эстония сайты өзгөчө кырдаал режимине өткөн.

Черышева өз сөзүндө аталган көйгөйдү чечүү үчүн бардык багытта иш жүрүп жатканын, буга ар кыл россиялык органдар да кошулганын белгиледи.

Вышинский менен Черышева Европа кеңешинин адам укугу боюнча комиссары Дуня Миятович менен жолугуп, агенттиктеги абалды чагылдырган кат тапшырышты.

2019-жылдын аягында Россия президенти Владимир Путин жагдайга баа берип жатып, бийлик башка мамелкеттерде иштеп жаткан Sputnik агенттиктерин колдоо үчүн бардык аракеттерди көрө турганын айткан.

Ал эми "Репортеры без границ" (RSF) эл аралык уюму “Россия сегодня” агенттигинин катына жооп берип, Эстониядагы орус тилдүү ЖМКлардын абалын талкуулап жатканын белгилеген. “Россия сегодня” эл аралык агенттиги Sputnik Эстонияга карата жүргүзүлүп жаткан саясатты карап чыгууну өтүнүп, журналисттердин өз милдетин аткаруусун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырган.

Тема боюнча

Sputnik Эстониянын журналисттери бийликтин кысымынан улам жумуштан кетип жатат
Россия ОБСЕнин көңүлүн Sputnik Эстониянын айланасындагы кырдаалга бурду
Белгилер:
Sputnik, Эстония, Европа, Кирилл Вышинский, жыйын, кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ